Бийликчил «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова депутаттарды «чет өлкөлүк агенттер» тууралуу мыйзамды кабыл алууга чакырды.
«Сырттан каржыланган ЖМКлар, бейөкмөт уюмдар эмне кылып жүргөнүн эч ким билбейт. Ошондуктан мамлекеттик көзөмөл болушу керек. Мамлекетте темирдей тартип болбосо, өсүп-өнүгө албайбыз. Күнүгө болбогон маселе менен митинг уюштуруп турса, ошол кантип болсун. Бул бардык коңшу мамлекеттерде, керек болсо Орусияда чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ошондуктан сиздерди дагы кайдыгер болбоого чакырам», — деп айтты ал Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жыйынында.
Нарматова мындай билдирүүнү экс-парламентарий жана экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун (ал дагы 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде болчу, бирок Жогорку Кеңешке өтпөй калган) артынан эле жасады. Бакир уулу алгач «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактагандардын маалымат-жыйынын каржылап, эртеси күнү «Клооп» жана Kaktus Media басылмасынын имаратынын алдында өткөн митингге катышкан Анда Кыргызстандагы бир нече ЖМКларга «чет өлкөлүк агент» макамын берүүнү талап кылган.
Нарматова, Бакир уулу, жана Мадалиев бул мыйзамды 2014-жылы, бешинчи чакырылыштын депутаты болуп турганда демилгелешкен. Жогорку Кеңеш аны эки окууда кабыл алып, бирок кийин акыркы окууда кабыл алуудан баш тарткан.
Буга чейин деле депутаттык тажрыйбасы бар Надира Нарматова парламенттин жаңы чакырылышы кызматка киришкенден бери бир нече жолу резонанстуу билдирүүлөрдү жасады. Нарматова деген ким жана Жогорку Кеңештин трибунасында кандай демилгелерди көтөргөнүн айтып беребиз.
Начар журналисттер жана көлөчтөргө болгон жек көрүү
Надира Нарматова Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда (учурдагы И.Арабаев атындагы университет) жана Кыргыз улуттук университетинде (азыркы КУУ) билим алган.
Аз гана убакыт орто мектепте мугалим болуп иштеп, кийин дээрлик он жылга жакын комсомолдун жана компартиянын райондук комитеттеринде — Алай, Ноокат райондорунда иштеген. СССР кулагандан кийин орто мектепти жетектеп, мамлекеттик администрацияда иштеп, кийин сегиз жыл жеке менчик тигүүчүлүк ишканасын башкарган.
Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышына келген Нарматова мурда да парламентте депутат болгон. Ал — «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү.
Жаңы чакырылыш жаңыдан иштеп баштаганда Нарматова эл өкүлдөрүн жардамчы, кеңешчи, кызматтык унаа жана күйүүчү май менен камсыздоону талап кылган.
«Бүгүнкү абалда депутаттарга жетишээрлик шарт жок, машинасы жоктор бар, үйү жоктор бар, айлык менен жашагандар бар. Анан миңдеген арыздар келет, бир жардамчы менен эмне жумуш аткарат депутаттар? Аткара албайт, жетишпейт эч нерсеге», — деген эле Нарматова.
Ал эми жаңы жылдын башы Нарматова үчүн резонанстуу билдирүүлөр менен коштолду. Январдын ортосунда парламентте «бир дагы орус жараны жок болгондуктан» депутаттарды кыргызча сүйлөөгө үндөгөн.
«Биз кыргыз мамлекетибиз. Мамлекеттик тил — кыргыз тили. Ошондуктан өзүбүздүн тилибизди өзүбүз Жогорку Кеңеште сыйлай билели. Арабызда бир дагы орус жараны жок, 90 депутаттын ичинде дагы [...] Ошондуктан өзүбүздү биринчи сыйлайлы, анан башкалардан талап кылалы», — деген эле депутат айым.
Ошондой эле Нарматованы парламенттеги дресс-код маселеси тынчсыздандырган. Январдын аягындагы фракция жыйынында ал Жогорку Кеңештин кызматкерлери менен келген коноктордун сырткы келбетине нааразы болгон.
«Бул жерде галош кийген адамдар жүрүшөт. Кызматкерлер галстуксуз жүрүшөт, кээ бири футболка менен. Уят. Ар бир адам классикалык стилде жүрүш керек», — деп эсептейт Надира Нарматова. Анткен менен Жогорку Кеңеште классикалык кийим кийүүнү талап кылган дресс-код көптөн бери эле иштеп келет.
Мындан тышкары Нарматова парламентте социалдык жөлөк пулду чегерүүдөгү коррупцияны иликтөөгө чакырып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси — Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруусуна каршы экенин билдирген.
«Ар кандай кырдаалда ата балага, бала атага, бир тууган бир тууганга жооп бербейт. Аны эл шайлаган, болгондо дагы бир мандаттуу округдан келген. Ал аягына чейин иштеши керек», — деген ал, атайын кызматтын төрагасынын инисинин мандаты боюнча.
Бирок Нарматованын сүйүктүү темасы — ЖМКлардын ишмердүүлүгүн жана жалпы эле сөз эркиндигин чектөө. Январда ал парламентте иштеген журналисттерди сындап, аларга Жогорку Кеңештин отурумдарын түз чагылдырууга тыюу салууну сунуштаган.
«Майда кабарчылар келип, маалыматты бурмалап эфирге чыгарышат», – дал ушинтип депутат өз позициясын түшүндүрүп, парламенттен «Пирамида» каналы гана түз эфирге чыгышы керек деп кошумчалаган (иш жүзүндө бул Жогорку Кеңештин расмий түз эфири).
Бирок фракция лидери Бакыт Төрөбаев Нарматовага парламенттин ишин чагылдыруу ЖМКнын түздөн-түз иши экенин эскерткен.
Мындан тышкары, Нарматова журналисттерге парламенттик аккредитация берүүгө чектөө коюуну сунуштаган. Депутат парламентте иштөөгө уруксат берүүдө журналисттин коомчулукта канчалык кызыктуу экенин, басып өткөн кесиптик жолун эске алуу керек деп эсептейт.
Январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын шартында Нарматова социалдык түйүндөргө пост чыгарууга чектөө киргизүүнү сунуштаган.
«Өзүн патриотмун деп санагандарга түз эфирге чыгууга жана билдирүү жасоого тыюу салуу керек», — деп айткан ал парламент жыйындарынын биринде.
Митингчилер жаман, Жээнбеков жакшы
2010-жылдан 2015-жылга чейин Надира Нарматова Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында тең төрагалары Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров болгон «Ата-Журт» партиясынан депутат болгон.
Анда ал «чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү» мыйзам долбоорун демилгелегенден тышкары мисалы журналисттер бай депутаттардын декларациясы боюнча маалыматтарды жарыялап жатканына нааразы болгон.
«Журналисттер эмненин негизинде бул маалыматтарды коомго жарыялап жатат? Мен бул маселени карап чыгып, учурдагы жобого ылайык, саясий кызматтарды ээлеген кызматкерлер жана алардын туугандарынын декларациялары ачыкталбай турганын аныктадым. Мындай маалыматтар жашыруун маалыматтар болуп эсептелет жана таратылбашы керек», — деп нааразы болгон Нарматова парламенттин 2013-жылы ноябрдагы отурумунда.
Нарматова 2015-2021-жылдар аралыгында бийликте болгон жок. Анын бул аралыктагы ишмердүүлүгү боюнча — Ош шаарында катталган «Мээримбек»* аталышындагы кайрымдуулук фонддо директор болгону гана белгилүү. Юстиция министрлигинин сайтынан башка бир дагы ачык булактан бул уюм тууралуу эч кандай маалымат табууга мүмкүн болгон жок.
*Нарматованын 2013-жылы жол кырсыгынан каза болгон уулунун аты Мээримбек Нурдинов болгон.
Аны менен катар, Нарматованын ушундай эле аталыштагы бизнестери болгон: «Мээримбек» ЖЧКсы, Юстиция министрлигиндеги документтерде күйүүчү-майлоочу май сатуу менен алектенет жана «Мээримбек» күрөөканасы бар. Дал ушундай эле аталыштагы үч уюм 2021-жылдын соңунда (Нарматова депутаттык мандатын алгандан бир канча күн өткөндөн кийин) Гүлшайыр Акынбек кызынын атына кайра каттоодон өткөн. Бул аял тууралуу ачык булактарда эч кандай маалымат жок.
Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин документтерине ылайык, Нарматовага бүгүнкү күнгө чейин «Элдос» микрокредиттик агеттиги таандык. Анын кеңсеси да жогоруда аты аталган үч уюм жайгашкан даректе.
Эки жолку депутаттык ишмердүүлүгүндө Нарматова маал-маалы менен маалымат айдыңында катуу билдирүүлөрдү жасап турган.
2019-жылы ал бажынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду (кийин ал коррупцияны мойнуна алды. Ал тургай күнөөлү деп табылган, бирок абактан кутулуп кетти, мамлекетке 2 млрд сом төккөн) коррупция менен камакка алууну талап кылган «Re:Акция» митингинин катышуучуларын сындаган.
Нарматова Фейсбук барагына митингге «батыштын акчасына сатылгандар» чыкты деп жазган. Жарыялаган постунда ал «Азаттык» радиосунун редакциясы тууралуу кеп козгоп, анын журналисттерин «кыргыздарга эч жакшылык кылбай турган, өлкөсүн сатканга даяр адамдар» деп атаган. Бул пост дароо эле Садыр Жапаровдун тарапташтарынын фейсбуктагы тайпаларында пайда болгон.
Фейсбуктагы «Садыр Жапаров» аталышындагы тайпада Нарматованын көз карандысыз иликтөөчү журналисттерди «мекенди сатууда» айыптаган билдирүүсү бөлүшүлгөн.
2021-жылдын февралында коррупцияга каршы жөө жүрүштөн кийин Нарматова КТРКнын түз эфиринде президенттике келген Садыр Жапаровду жылдын аягында парламенттик шайлоолор өткөнгө чейин бардык митингдерге мораторий киргизүүгө чакырган.
Ал эми 2017-жылы Нарматова Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн, андан кийин президенттикке талапкерлигин колдогон.
«Биз, ар кайсы саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, биргеликте жана ынтымакта Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо үчүн келдик. Биз Сооронбай Шарипович мамлекеттин бүтүндүгүн сактаган, элди өнүгүүгө ээрчиткен жана алдыңкы мамлекеттин катарына кошкон мамлекет башчысы болот деп ишенебиз», — деген ал Жээнбековдун Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда. Ал ноокаттыктарды өлкөнүн келечеги үчүн «талапкерлердин арасынан татыктуусунун» алдына биригүүгө чакырган.
«Чет өлкөлүк агент» жөнүндөгү мыйзам тууралуу
2014-жылы депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев орусиянын «чет өлкөлүк агент» мыйзамынын көчүрмөсү болгон мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышкан. Документке ылайык, «саясий ишмердүүлүк менен алектенген» коммерциялык эмес уюмдар «чет өлкөлүк агент» алат. Бирок 2016-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары документи кабыл алышкан эмес.
Орусияда бир канча жылдан бери «чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам» иштейт. Алгач «чет элдик агент» деп юридикалык жактар, мисалы ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап, жарандыгына карабастан жөнөкөй жарандар да «чет элдик тыңчы» катары тааныла баштады.
Deutsche Welle белгилегендей, бул мыйзам менен ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу (жөнөкөй сүйлөшүүдөш башка) маалымат таратса, чет өлкөлүк же орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алса ал «чет элдик ЖМК агенти» катары таанылышы мүмкүн.
«Мыйзамда эч кандай өзгөчөлүктөр жазылган эмес, соцтүйүндөрдөгү пост же жазылган комментарий менен чет өлкөдөн каржыланышы тууралуу эч кандай байланыш болушу дагы шарт эмес. Ал эми жаран таратып жаткан маалымат түрдүү тармакка тиешелүү болушу мүмкүн — мунун баары баары бир мыйзамдын таасирине кабылат», — деп жазган Deutsche Welle .
Бул мыйзам бир нече жолу сынга алынып, укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар менен журналисттерди куугунттуктоонун, оозун басуунун жаңы куралы деп аташкан.
Чет элдик «тыңчы» деп табылган тарап бир катар тоскоолдуктарга кабылат жана кандай гана болбосун коомдук билдирүүсүн «Бул кабар (материал)... алкагында жарыяланды» деп таңгакка ороого мажбур болот. «Чет элдик тыңчы» тизмесине түшүп калуу менен алар өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзам талап кылгандай так кабарлабаса 5 жылга чейин эркинен ажыроо коркунучу бар.