Өзбекстан: Медициналык-диагностикалык борбордогу жарылуунун кесепетинен кыргызстандык аял каза болду

11-февралда Өзбекстандын Анжиян облусунун Шахрихан районунда кыргызстандык 56 жаштагы аял каза болду. Анын өлүмүнө «Зитерия» жеке медициналык-диагностикалык борбордогу газ-аба аралашмасынын жарылуусу себеп болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Медициналык-диагностикалык борбордогу жарылуу. Сүрөт: Өзбекстандын ӨКМинин басма сөз кызматы.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматка ылайык, жарылуу 11-февралда саат 11:30да болгон. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, төрт киши ар түрдүү жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Тышкы иштер министрлиги каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү жакын туугандары тарабынан өлкөгө алынып келингенин белгилешти.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

«Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Маселе Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көзөмөлүндө», — деп жазылат билдирүүдө.