Демократия индекси-2021: Кыргызстан алгачкы жолу авторитардык өлкөлөрдүн тизмесине кирди

Economist Group’тун изилдөө жана аналитикалык бөлүмү — The Economist Intelligence Unit — Кыргызстанды авторитардык өлкөлөрдүн катарына кошту. Февралда басылма дүйнө өлкөлөрүндөгү демократиянын деңгээли тууралуу жылдык баяндамасын жарыялады.

The Economist Intelligence Unit.

Анда демократия шартында жашаган адамдардын пайызы 50%дан төмөндөп, ал эми авторитардык режимдер күч алганы айтылат.

Демократия жогору болгон алдыңкы 5 өлкөнүн катарына Норвегия, Жаңы Зеландия, Финляндия, Швеция жана Ирландия кирди.

Борбордук Африка, Конго Республикасы, Түндүк Корея жана Мьянма тизменин аягында калган. Бул өлкөлөрдө авторитардык режим өтө катаал. 2021-жылдын тизмесиндеги акыркы сапка талибдер басып алган Ооганстан кирген.

Кыргызстан авторитаризм деңгээли боюнча Казакстан, Орусия жана Африканын Алжир, Нигерия жана Мали өлкөлөрү менен катар бир топко кирди.

The Economist Intelligence Unit рейтингин 2006-жылдан тартып жыл сайын жарыялап келет. 2021-жылга карата рейтингде Кыргызстан алгачкы ирет авторитардык өлкөлөрдүн тизмесине кирди. Буга чейин республиканын режими гибриддүү деп бааланып келген болчу.

Иллюстратор Нурбек Насыранбеков социалдык барагына бул окуяга арналган иллюстрациясын жарыялады. Анда Орусия жана Беларустун президенттери Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровду «клубга» мүчө болуп кириши менен куттуктап жатканы чагылдырылган.

Нурбек Насыранбековдун иллюстрациясы.

Мурдараак Жарандык коомдун глобалдык CIVICUS альянсы дагы жыл сайын жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жаңы президенттин — Садыр Жапаровдун — тушунда авторитардык режим күчөгөнүн белгилеген.

Бул баяндамада келирилген маалыматка Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев реакция кылган. Султанбаев «бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды авторитаризм түшүнүгү менен бир катарга коюуга болбойт» деп билдирген.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар да Кыргызстанда авторитардык режим орноп баратат деген кооптонууларын билдиришкен. Freedom House бейөкмөт уюму баяндамасын жарыялап, анда акыркы 11 жылда Кыргызстанды биринчи жолу эркин эмес мамлекеттердин категориясына киргизген.

«Кыргызстандын макамы “жарым жартылай эркин мамлекеттен” “эркин эмес” мамлекеттердин катарына түшкөн. Анткени ыплас өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы саясий басым жана коркутуу менен коштолуп, бийликти соттолгон кылмышкер, тарапташтарынын жардамы менен абактан чыккан улутчулдардын лидери басып алган», – деп жазылган отчётто.

ДАГЫ ОКУҢУЗ:

Авторитаризм эмес, бийликтин жоопкерчилиги — Султанбаев CIVICUS’тун отчёту тууралуу

CIVICUS: Кыргызстанда жаңы президенттин тушунда авторитардык башкаруу күчөдү