Массалык мушташ. Кара-Балтада мектеп окуучусу бычак жеп ооруканага түштү

Кара-Балтада 13-февралда жетинчи жана сегизинчи класстын окуучулары мушташып, бир бала далысына бычак жеп ооруканага түштү.

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматында, ошол күнү саат 17:21 чамасында милицияга Кара-Балтанын стадиондорунун биринде өспүрүм балдар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Ошол эле күнү кечинде Жайыл РИИБне ооруканадан чалып, бычакталган абалда 15 жаштагы бала алып келингенин кабарлашкан. Жабыркаган баланын энеси милицияга арыз жазып кайрылды.

«Милиция кызматкерлери окуяга катышкандардын баарынын тек-жайын аныктады. Иликтөө улантылып жатат. Материал боюнча экспертиза дайындалды», — деп билдиришти Чүй ОИИБнен.