Таш-Көмүр шаарына караштуу беш айылдын эли Ноокен районуна кошууну талап кылып жатат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай жана Кашкулак-Сай айылынын жүздөгөн тургуну нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Чогулган тургундар кыргыз бийлигинен беш айылды Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарып, Ноокен районуна кошуп берүүнү талап кылышууда.

Айыл тургундары шаардык бюджетте каражат жетишсиз болгондуктан айылдардын инфраструктурасына, сугат суу менен камсыздоого көңүл бурулбай жатканын белгилешти.

«Биздин айыл агрардык айыл. Таш-Көмүрдөн бөлүнүп Ноокенге өтөбүз деп жатабыз. Себеби дыйканчылык, мал чарбачылыкта өтө көп көйгөйлөр бар. Насостук станция иштебегендиктен миң гектардан ашык жер суусуз калууда. Оңдоо иштерин жүргүзүү керек. Андай бюджет, андай акча шаарда жок. Ал эми райондо айыл чарбасы өнүгүп, абал абдан жакшы», — деди Теңдик айылынын тургуну Билимбек Мырзалиев.

Кудук-Сай айылынын тургуну Гүлсүн Камчыбекова айылдарда балдарга жөлөк пул алууда дагы көйгөй бар экенин кошумчалады.

«Айылда шарт жок. Идиш-аяк, кир жууганы күн сайын бала-бакыра менен Нарын дарыясынан чакалап, кээде эшек менен суу ташыйбыз [...] 18 жашка чейинки балдарга жөлөк пул алууда кыйынчылыктар бар — бир маалымкат алуу үчүн шаарга барууга туура келет. Мындай көрүнүш айыл элине ашыкча түйшүк жаратат», — дейт ал.

Чогулган айыл тургундары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жолуккан жок.

Ал эми Таш-Көмүр шаарынын мэри Нурлан Доулбеков «Турмуш» басылмасына курган маегинде меселе бир топ жылдан бери айтылып келе жатканын билдирди. Ал 2016-жылы беш айылды Ноокен районуна өткөрүү боюнча сунуш бардык министрликтерден өтүп, парламенттен колдоо таппай калганын белгиледи.

«Айылдын инфраструктурасын жакшыртууда алгылыктуу иштер жасалбай жатат дегенине кошула албайм. Себеби өткөн жылы шаардык казынаны 100 миллион сом деп жапканбыз. Быйылкыга 106 миллион деп сом деп пландап жатабыз. Элдин Таш-Көмүр шаарынан чыгып, Ноокен районуна кошулуу талабына негиз жок», — деди Доулбеков.

Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай жана Кашкулак-Сай айылдары 1984-жылы Таш-Көмүр шаарын жашылча-жемиш менен камсыздайт деген негизде шаардын курамына киргизилген. Азыркы учурда беш айылда 5 800дөн ашык адам жашайт. Ал эми Таш-Көмүрдө беш айылдан тышкары эки шаарча бар. Шаарда жалпы 44 миңден ашык киши жашайт.