Кыргызстандык лыжачы Гордеев кышкы Олимпиададагы таймашын аяктады

16-февралда кыргызстандык лыжачы Максим Гордеевдин Пекиндеги Олимпиадага катышуусу аяктады . Ал слаломдо жарыш башталганда эле финишке жете албай калган.

Маарага 88 спортчунун 52си жеткен.

Биринчи жарышта маарага биринчилерден болуп австралиялык Йоханнес Штрольц, андан кийин норвегиялык Хенрик Кристофферсен жана Себастьян Фосс-Солевааг келген.

Караколдук лыжа спортчусу Максим Гордеев — быйылкы жылдын кышкы Олимпиадасына катышкан кыргызстандык жалгыз спортчу. Гордеев — лыжа спортунун чебери.

Слалом — тоонун башынан ылдыйды көздөй тосмолор тосулган лыжа трассасынан ылдамдыкта түшүү дисциплинасы.