«Алтын кум» жана «Аврора» пансионаттарында 11 млн сомдон ашуун каржылык бузуу аныкталды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишмердүүлүгүндө 11,3 млн сомдук каржылык бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын 2020-жылга карата жүргүзүлгөн аудитинин корутундусунда айтылат. Белгиленгендей, бул сумманын 4,6 млн сому гана кайтарылган.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, ири каржылык мыйзам бузуулар мамлекеттик ишканалар жана алардын филиалдарында аныкталган.

Атап айтканда, аудиторлор «Алтын кум» пансионатында көрсөтүлгөн тейлөө кызматтарынан түшкөн 500 миңден ашык каражат кириштөөгө киргизилбегенин аныкташкан. Алар 5 млн сомдон ашык дебитордук карызды жана мамлекетке 881 миң сом ижара акысы төлөнбөгөнүн ачыкташкан.

Эсептөө палатасынан аудиттин материалдары Башкы прокуратурага өткөрүлгөнүн белгилешти.

Каржылык бузуу «Ысык-Көл-Аврора» санаториясында дагы аныкталган. Аудитордук текшерүү санаторийдин кызматкерлери бюджетке 4 млн сомго жакын ижара акысы которулбаганын көрсөткөн. Санаторийден 2019-2020-жылдарга карата таза кирешеден дээрлик ушундай эле сумма бюджетке которулган эмес.

«ММБФнын кирешелерин болжолдоо талаптагыдай денгээлде жүргүзүлбөйт. Ижарага берилген мамлекеттик мүлк объектилери жана жер участкалары боюнча отчетторду эсепке алуу, каттоо жана берүү тутуму жөнгө салынган эмес. Ижара акысынын толук жана өз учурунда төлөнүшүн көзөмөлдөө үчүн, катталган ижара келишимдеринин маалыматтар базасы түзүлгөн эмес», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.