«Боордош эл жана кудабыз». Дикий Армандын апасы кыргыз элинен кечирим сурады

«Дикий Арман» каймана аты менен таанымал казакстандык кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин апасы уулунун атынан кыргыз элинен кечирим сурады.

Видеокайрылууну Жумагелдиевдин жубайы, Кыргызстандын сулуулар сынагынын мурдагы жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова Инстаграм барагына жарыялады.

Кримтөбөлдүн апасынан айтымында, уулу туура эмес сүйлөп алган, чындыгында кыргыз элин абдан жакшы көрөт.

«Ал [Дикий Арман] дайыма кыргыз эле күчтүү, патриот жана укмуштуудай эл деп айтат. Балким Аллахтын насиби менен дагы кыргыздын кызын алып, куда-кудагый болуп калгандырбыз. Кыргыздын кызы Айкөл Аликжан кызы мага тунгуч неберемди төрөп берди. Мен сиздерден кечирим сурайм. Биз — жакын эл жана куда-кудагыйбыз. Куда миң жылдык, күйөө бала жүз жылдык дейт. Пайгамбар күйөө баласын сыйлаган. Ошондуктан сиздер дагы баламды сыйлап, кечиресиздер деп үмүттөнөм», — деди Жумагелдиевдин апасы.

Аликжанова өзү бул пост көптөн бери даярдалганын айтып берди. Аликжанова үй-бүлөсү Арман жеке өзү кыргыз элине жок дегенде аудиобилдирүү аркылуу кечирим сураганын каалаганын, бирок «ага видео, аудио жаза турган аппараттарды киргизүүгө тыюу салынганын» кошумчалады.

«Ал апасынын айткандарына толук кошулат жана бул түшүнбөстүктүн аягы жакшы бүтөт деп үмүттөнөт. Ал чындыгында түрк элдеринин ичинен кыргыз элин күчтүүлүгү, эркиндикти сүйгөндүгү үчүн урматтайт жана суктанат. Муну биздин никебиз жана андан төрөлгөн Мария-Медина кызыбыз далилдеп турат. Альхамдулиллах. Биздин абалды туура түшүнүп, кечирип, колдооңуздарды суранабыз», — деп суранды Армандын жубайы Аликжанова.

Арман Жумагелдиев апасы менен.

Дикий Арман Алматыдагы январь окуясында кармалган. Ал массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, эки айга ТИЗОго камакка алынган. Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында, ал толкундоолор учурунда шериктери менен «жолдо кетип бараткан» 24 адамды уурдап, полицияга кол салган.

Жумагелдиевдин жактоочулары айыптарды негизсиз деп эсептешет. Алардын айтымында, Арман башаламандык болуп жатканда жарандарды тынчтандырууга аракет кылган. Адвокаттардын пикиринде, аны адилетсиз эле Алматыдагы жаңжалдын уюштуруучусу катары көрсөткүлөрү келип жатат.

Кыргызстандыктарды айыптоо

2022-жылдын 2-январында кошу Казакстанда суюлтулган газдын баасы кымбаттатылганына каршы митинг башталган. Кийин тынчтык акциясы митингчилер менен күч органдарынын кагылышуусуна өткөн. Алматыда өтө эле оор кырдаал түзүлгөн — шаарда талоончулук, өрт коюу, административдик имараттарды басып алуу жана күч органдары менен куралдуу кагылышуу учурлары катталган.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

6-январда казак бийлиги Алматыда демонстранттарга каршы ок ата баштап, аны «тазалоо» жана «антирорристтик операция» деп атаган. ИИМ ондогон адам «жок кылынганын» билдирген.

Кийинчерээк казак бийлиги «террористтер» чет өлкөдөн окутулганын билдирген. Андан соң кармалган демонстранттардын арасында чет өлкөлүктөр, анын ичинде «коңшу өлкөнүн жарандары» бар экени тууралуу маалымат тараган, бирок кайсы өлкө экени айтылган эмес.

Ал арада маалымат айдыңында кыргызстандыктарга карата чабуул башталган. Алгач Алматыдагы талоончулукка кыргызстандыктар катышкан деп кримтөбөл «Дикий Арман» айтып чыккан. Саясий эксперттер аны башаламандыкка байланышы бар деп билдиришкен эле.

Ал видео аркылуу казакстандыктарга кайрылып, тынчтык митингин колдорун, казакстандыктар Казакстандын демократиялык тандоосу кыймылынын лидери Мухтар Аблязов сыяктуу «чагымчылардын» чакырыктарына алданбоо керектигин айткан. 6-январда ал Алматыда нааразылыкка чогулдардын алдына чыгып, ал жерден ур-токмокко алынган.

Адвокаттар Дикий Армандын иши саясий жүйөөлүү болушу мүмкүн дешет. Алар кардары дайыма учурдагы бийликти, айрыкча президент Касым-Жомарт Токаевдин саясий багытын колдоп жүргөнүн айтышууда.

Армандан кийин кыргызстандыктарды айыптаган видеолорду ар башка блогерлер дагы жаздыра баштаган. Айыптоолор мамлекеттик каналарда өзүн жумушсуз атаган жана сабалган кыргызстандыктын видеосу көрсөтүлгөн кийин токтогон. Бирок ал белгилүү джазмен Викрам Рухахунов болгон — бир айдан соң, Кыргызстанга келгенден кийин ал кандай кыйноолорго кабылганын жана мамлекеттик телеканлдар үчүн жаттаттырып айтырышкан сценарий тууралуу айтып берген.

Джазменди башаламанчы катары көрсөтүү аракети резонанс жаратып, бул анын эле эмес, башка да бир нече кыргызстандыктан бошотулушуна алып келген. Казакстан кармалып жана кылмыштар боюнча мыйзамсыз айыпталган кыргызстандыктар өлкөдө калбаганын айтканы менен кыргыз дипломаттары жабыр тарткан башка дагы кыргыз жарандарын аныкташкан.

Алсак, башаламандыкка таптакыр тиешеси жок кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун, Казакстанга иштеп жүргөнү анык болгонуна карабастан эки бутун сындырылган — дипломаттар аны ооруканадан табышкан. Сыдыков ур-токмокко алынып кармалган башка да кыргызстандык тууралуу айтып берген — кыргыз ТИМи аталган жаран бошотулганын билдирген.