Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болуп, 35 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 20-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан эки адам каза болду, жуктуруунун 35 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 19;
  • Чүй облусунда — 7;
  • Ош шаарында — 5;
  • Ысык-Көл облусунда — 3
  • Талас облусунда — 1.

Ошондой эле республика боюнча 142 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 200 миң 322ге жетти. Ал эми оорудан 194 миң 99 киши айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 944 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 248 бейтап, үй шартында 1957 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.