Депутат Султанбай Айжигитов «убактылуу чек ара сызыгы» деген түшүнүк киргизүүнү сунуштады

Баткендин мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов «Азаттыкка» курган маегинде кыргыз-тажик чек арадасындагы маселе бир жаңсыл болгуча «убактылуу чек ара сызыгы» деген термин кабыл алуу зарыл экенин билдирди.

«Калган документтерди 1920-жыл болобу, 1989-жылкы карталар болобу, бардык тараптар кол коюп тааныган эмес. Эң чырлуу, талаш жаратып жаткан участоктордо ошол келишимдин негизинде “Убактылуу чек ара сызыгы” деген түшүнүк кабыл алып, 1991-жылы ар бир өлкө ээлик кылып турган аймакты бөлүштүрүп туруу зарыл. Ошондо укуктук талаа түзүлөт да, андан ары сүйлөшүүгө негиз жаралат. Чырды басып, элди чочулатпай туруш үчүн ушул жол бар», — деп түшүндүрдү ал.

Султанбай Айжигитов.

Айжигитов чек араны аныктоодо Кыргызстан менен Тажикстан эгемендүүлүк алгандан кийинки Минск жана Алма-Ата келишимдерин кынтыксыз аткарууга тийиш деп эсептейт.

«Чек арадагы эң татаал участоктордо 1991-жылкы келишимди негиз катары кармаш керек. 1991-жылы декабрда Минскиде, 1992-жылы мартта Алма-Атада келишим кабыл алынган. Ошол жерде “СССР бузулган учурдагы административдик чек аралар мамлекеттик чек ара болуп калсын” деп так жазылып турат. Чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо иши ушул келишимге негизделиши керектиги көрсөтүлгөн. Бул документти бүт КМШ өлкөлөрү таанып, президенттер кол коюп, парламенттеринен ратификациядан өткөн. Демек, азыр эң эле укуктук жактан толук документ ушул десек болот», — деди ал.

Чек арадагы куралдуу жаңжал жана №39 протокол

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы.

Өткөн жылы 28-апрелде эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны «Головной»* суу бөлүштүрүүчү жайына жакын аймакта бири-бирине таш ыргытып, кийин чыр куралдуу кагылышка алып келген. Анын кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза таап, Тажикстандын 19 жараны курман болгон.

*Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы жайгашкан. Анда Ак-Суу дарыясынан аккан суу бөлүштүрүлөт. «Головной» стратегиялык объект катары таанылып, аны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кайтарышат.

Кийин 1-майда эки мамлекеттин өкмөттүк делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча биргелешкен келишимге кол коюшкан. Анда №39 протокол кабыл алынганы белгилүү болгон. Өкмөттүк делегацияны эки өлкөнүн УКМК төрагалары — Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген.

Протоколго ылайык, Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын* байланыштырган жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы.

*Ворух — Баткен облусундагы Тажикстандын анклавы. Ал жерде 130 чарчы километрде 35 миңге жакын калк жашайт. Эки өлкөнүн бийлиги СССР тарагандан кийин ондогон жылдар өтсө дагы, чек арасын тактай албай келет. Мындан улам анклавдын айланасында чек арага байланышкан чырлар тынчыбай келет.

Жолду тажик тарап колдонуп, өзү тейлей турганы маалымдалган. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат. Айланма жол Баткен районунун Капчыгай (Таңги) калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөрү белгиленген. Ошондой эле, жолдун курулушу тез арада башталышы үчүн топографиялык жумушчу тобуна долбоор боюнча уюмдар менен бирге 2021-жылдын 1-июнуна чейин аталган тилкенин «Баткен районунун иш жүзүндө колдонушун» изилдөө тапшырылган.

2021-жылдын майы айынын башында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев №39 протокол боюнча түшүндүрмө берген. Ташиев №43 чекиттен №61 чекитке чейинки жана №135 чекиттен №141ге чейинки чек араны аныктоодо 1924-1927-жылдардагы документтер жана улуттук-аймактык демаркациянын материалдары, ошондой эле 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары колдонула тургандыгын айткан.

*№ 43 жана № 61 тилкелери Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Ал эми №135ден №141ге чейинки тилкелер Баткен районунун Карабак айыл аймагынан орун алган.

Үстүбүздөгү жылдын 27-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда кайрадан чыр чыккан. Алгач саат 17:50дөрдө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Тажик чек арачылары болсо жаңжалды «кыргыз тарап ырбатты» деп билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан миномёт жана гранатомёт менен ок атканын кабарлаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарап учкучсуз учуучу учактарды колдонуп «Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдиришкен. Ал эми Кыргызстандын УКМКсы бул айыптоону төгүндөп, Тажик тарап буга чейин учкучсуз учактарды колдонуп чалгындоо жасаганын айтышкан.

Тема боюнча:

«Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү №39 протоколду жокко чыгарууну сунуштады

«Катастрофа жана жол берилгис нерсе». Саясат талдоочу Айданбек Акматов Ворухка жол куруу тууралуу

«Лейлек эч качан анклав болбойт». Ташиев Тажикстан менен cүйлөшүүлөр боюнча