Баткенде аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө ишкердикти өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон берилди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Акча үй-бүлөлөргө БУУнун «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы социалдык жактан аяр категориядагы 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында инновациялык пилоттук долбоорду ишке киргизген.

Акчаны тапшыруу аземине минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров катышып, азырынча долбоор эки райондо ишке киргенин айтты. Ал каражатты алган үй-бүлөлөр аны туура багытта колдонушу керектигин баса белгиледи.

«Биздин максат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жардам берүү. Мындай долбоорлор аймактарда кичи бизнести өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жакырчылыкты кыскартууга да оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз», — деди Жапаров.

Каражаттан тышкары, үй-бүлөлөр каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча окутулат жана аларга бизнес-план түзүүгө көмөк көрсөтүлөт. Ошондой эле кесиптик же айыл чарба багытында окутулат. Муну менен кошо узак мөөнөттүү бизнес жасоо боюнча сунуштар берилет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусунда 14 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турарын жана 45 миңден ашык бала 810 сомдон жөлөк пул аларын кошумчалады.

Минкабдын басма сөз кызматынан «Социалдык контракт» долбоору айыл чарбасы, тигүү кызматтары сыяктуу ишмердүүлүк жана башка демилгелер үчүн бизнес-идеялары, башталгыч активдери жана базалык билими бар жакырчылыктын чегинде жашаган үй чарбаларына багытталганын билдирди.