Бизнестин айрым түрлөрүнө ККМди кийинчерээк киргизүү сунушталды

Экономика жана коммерция министрлиги көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) ишкердиктин айрым түрлөрүнө кийинчерээк киргизүүнү сунуштаган токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоордо ишкердиктин айрым түрлөрү ККМ колдонуудан убактылуу бошотулары айтылат. Буга алардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү жана жайгашкан орду себеп боло алат.

Биснестин кандай түрлөрүн ККМ колдонуудан убактылуу бошотуу сунушталды:

  • баалуу кагаздарды сатуу;
  • лотереялык билеттерди сатуу;
  • жол жүрүү жана коомдук транспорттордо жүрүү талондорун сатуу;
  • жүргүнчү ташыган поезд жана учактарда тамак-аш сатуу;
  • тарбиячы, бала багуучу, багбан, үй кызматкери жана чабандык ишмердүүлүк;
  • коомдук транспортто жүргүнчү ташуу кызматы;
  • салык кызматына маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар системаны колдонгон такси жана жеткирип берүү кызматтары;
  • жүктү кол араба менен ташуу кызматтары;
  • чек ара аймактарында жеке ишмердүүлүк менен алектенген, Кыргызстандын жарандары жалдап иштеткен чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын кызматтары;
  • мейманкана, батирди күнүмдүк ижарага берүүнү кошпогондо, патенттин негизинде өз мүлкүн турак-жай катары ижарага берүү кызматтары;

Мындан тышкары, тизмеге базарларда, кичи базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө товар сатып патенттик негизде иштеген ишкерлерге ККМди колдонууну жылдыруу сунушталды. Аянты 20 чарчы метрге чейинки павильондордо, күркөлөрдө жана башка убактылуу жайларда иштеген сатуучулар үчүн ККМ колдонууну кийинкиге калтыруу каралган.

Документте бизнестин түрлөрүнө жана аймагына жараша ККМ киргизүүдөн 2022-жылдын июнь айына же 2023-жылдын январына чейин бошотуу сунушталат.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын декабрында ККМди милдеттүү колдонуу жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Бул демилгеге ишкерлердин баары эле кубанып кеткен жок — айрым соодагерлер бир канча ирээт нааразычылык акцияларына чыгып, милдеттүү түрдө көзөмөл-кассалык машина (ККМ) орнотууга каршы чыгышкан.

Мындан улам, 8-февралда, президент Садыр Жапаров «Дордой» жана «Ош» базарларына барып сатуучулар менен баарлашкан. Андан соң өлкө башчысы соодагерлер арасында «маалыматтык-түшүндүрүү иштери жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнүн» баса белгилеген.

Тема боюнча окуңуз: Кыргыз ишкерлери ККМ тууралуу эмнени билүүгө тийиш?