Credit Suisse'тин сырлары: Кыргызстандык Рой Азимдин эсебинде 11 миллиондон ашык АКШ доллары болгон

Швейцариянын Credit Suisse банкында кыргызстандык Рой Азимдин (Орозахун Сайдазимов) эсеби табылды. Бул тууралуу иликтөөчү журналисттердин «Credit Suisse'тин сырлары» маалымат базасында айтылат.

Иликтөөдө Азимдин банктык эсеби 1997-жылдан 2013-жылга чейин активдүү болгону айтылат. Анын эсебиндеги эң көп каражат 11,6 миллион АКШ долларын түзгөн.

Рой Азим деген ким?

Рой Азим. Сүрөт: Turmush.

OCCRP’нин иликтөөчү журналисттери белгилегендей, Рой Азим — «Орусия жана Борбор Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланыштары бар ишкер». Ошондой эле, Кыргызстандагы эң белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тааныштыгы бар.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Рой Азим Көлбаевдин жакындарынын бири менен иш алып барат.

Кыргызстандын ЖМКлары Рой Азимди кайрымдуулук менен алектенген меценат деп аташат. «Турмуш» басылмасы ал Беловодск айылындагы майып балдардын жатак-мектебин карамагына алганын жана өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Чалдовар айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүп келерин жазган.

Алтургай Чалдовар айылындагы көчөлөрдүн бирине меценаттын атын ыйгарышкан, ал көчөнүн муктаждыктарына дагы Рой Азим өзү акча бөлөт.

Рой Азимдин өтмүшү

Журналисттердин маалыматына ылайык, 1981-жылы Рой Азим бир катар кылмыштарга — мыйзамсыз курал-жарак сактоо, «кызыл кулактык», кол салуу жана баңгизат сактоо — айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган. 1990-жылдардын ортосунда анын соттуулугу жоюлуп, кийинчерээк 1998-жылы жокко чыгарылган.

Бирок ага чейин, 1997-жылы ал виза документтерин толтуруп, туруктуу жашоо үчүн АКШга кеткен. Ал жерде каржылоо жана башкаруу боюнча консалтингдик фирма түзүп, 1,27 миллиондон ашык АКШ долларына Флоридадан үй сатып алган.

2001-жылы Рой Азим виза документтерин толтурууда «соттолгон эмес» деп жалган маалымат берген үчүн камакка алынган. Бирок ал 75 миң АКШ доллар өлчөмүнд «күрөө» койгон — кийинчерээк ага коюлган айыпты алып салышкан.

«Credit Suisse’тин сырлары» долбоору тууралуу

«Credit Suisse’тин сырлары» — Швейцариянын эң ири банкы деп эсептелген Credit Suisse банкынан ачыкка чыгып кеткен банктык эсептерге негизделген трансчек аралык журналисттик иликтөөчүлүк долбоору. Бул маалыматты анонимдүү булак Süddeutsche Zeitung немис гезитине берген, аталган гезит маалыматты OCCRP жана башка 46 өнөктөш медиа менен бөлүшкөн.

Беш континенттин журналисттери банктык файлдарды изилдеп, инсайдерлер, тескөөчүлөр жана тергөө органдарынын өкүлдөрү менен баарлашып, колго тийген маалыматтарды сот материалдарынын жана каржылык отчёттордун жардамы менен текшерип чыгышты. Ачыкка чыгып кеткен документтерде 1940-жылдан тартып, болжолдуу 2010-жылдын ортосуна чейин ачылган 18 минден ашык банктык эсеп тууралуу маалыматтар бар. Жалпылап айтканда, бул эсептерде жүз миллиард доллардан ашык акча айланган.