Президент Садыр Жапаров Украинанын айланасында болуп жаткан кырдаал боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Фейсбук барагында Орусия менен Украинанын айланасында болуп жаткан кырдаал боюнча пикирин билдирди. Орусия 22-февралга караган түнү өзүн-өзү эгемендүү деп жарыялаган «Донецк» жана «Луганск» «эл республикаларынын» көз карандысыздыгын тааныган эле. Алар Украинанын чыгышындагы орусиячыл сепаратисттик түзүмдөр болуп эсептелет.

Жапаров «Украинанын чыгышында болуп жаткан абалдын өнүгүшүн тынчсыздануу жана терең тынчсыздануу менен көз салып турарын» белгиледи.

«Кыргыз Республикасы жаңжалды жөнгө салуу боюнча бирден-бир документ болуп саналган, БУУнун Коопсуздук кеңешинин колдоосун алган Минск келишиминин негизинде иш алып барууну ар дайым жактап келген. Тилекке каршы, анын аткарылбашы азыркы татаал кырдаалга алып келди», — деди президент.

Жапаров адам өлүмү болбошу үчүн жаралган абалды «бир гана дипломатиялык жол жана сүйлөшүүлөр менен жөнгө салуу керек» деп баса белгиледи.

«Адамдын өмүрү баарынан кымбат эмеспи. Жаңжалдын мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө үчүн кырдаалды жөнгөрүүдө акыл-эстүүлүк жана токтоолук менен мамиле кылууга чакырам. Балким, бул көп сандаган орусиялык жарандар жашаган Донбасс аймагындагы жайкын тургундарды коргоо үчүн аргасыз чара болушу мүмкүн», — деп билдирди ал.

Ошондой эле, Жапаров «тигил же бул өлкөнү таануу ар бир мамлекеттин суверендүү укугу» деп белгиледи.

Украинадагы абалдын курчушу

21-февралдан 22-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин «Донецк эл республикасы» жана «Луганск эл республикасынын» көз карандысыздыгын таануу боюнча буйрукка кол койгон.

Владимир Путин буйрукка кол коюп жатат. Сүрөт: Кремлдин басма сөз кызматы.

Бул 2014-жылдан бери созулуп келе жаткан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка тиешелүү маанилүү окуя. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы тирешүү 2021-жылдын аягында кайра күчөп кеткен. Орусия Украина менен болгон чек арасындагы аскерлерин бекемдей баштаган.

2022-жылдын январынан бери АКШ бийлиги — Украинанын негизги союздашынын бири — Орусия Украинага, анын ичинде борбор калаа Киевге ачык эле кол салууну пландап жатканын кулак кагыш кылууда.

Путин Орусиянын коргоо министрлигине «ДЭР» жана «ЛЭР» аймагына көзөмөл астында аскерлерди киргизүү буйругун берген. Муну Федерациялык кеңеши да жактырды. Муну менен орус аскерлери дээрлик 8 жылдан бери созулуп келаткан согуштун ачык оюнчуларына айлынды.

АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Орусиянын өзүн-өзү эгемендүү деп жарыялаган «ДЭР» жана «ЛЭРдин» көз карандысыздыгын таануусун айыптады. Алар Орусиянын бул аракетин Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана «эл аралык укукту одоно бузуу» деп аташты.

«Минс келишиминде» тараптардын жарашуусу жана аймактарды бөлүүчү так чек ара сызыгын орнотуу камтылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский элге кайрылуу жасады. Анда «Орусиянын билдирүүлөрүнө карабастан» Украинанын чек аралары эл аралык коомчулук тааныгандай кала берерин белгилеген.

«Биз өз жерибиздебиз. Биз эч кимден, эч нерседен коркпойбуз. Эч кимге карыз да эмеспиз. Биз эч кимге эч нерсе бербейбиз. Муну ишенимдүү айта алабыз. Анткени азыр 2014-жылдын февралы эмес, 2022-жылдын февралы. Башка өлкө, башка армия. Бир гана максат бар — Украинанын тынчтыгы», — деген ал.

Тема боюнча окуңуз: Орусия «ДЭР» жана «ЛЭРдин» көз карандысыздыгын тааныды. Бул эмнени түшүндүрөт?