Депутат Маткеримов: Украинадагы кыргыздар элчилик менен байланыша албай жатат

Украинадагы кыргызстандыктар өлкөдөгү Кыргызстандын элчилиги менен байланыша албай жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди.

«Бизге Украина мамлекетиндеги жарандарыбыз кайрылып жатат. Анткени көпчүлүк адамдар чыгып кете башташты, биз элчилик менен байланышып, жардам сурайлы десек эртеден бери такыр ала албай жатабыз дешүүдө», — деп билдирди Маткеримов.

«Клооптун» редакциясы маалыматты тактоо үчүн Кыргызстандын ТИМи менен байланышууга аракет кылууда.

Украинада эмне болуп жатат?

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялады. Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазып башташты. Украинанын ички иштер министрлиги Киевди канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен аткылап жатканын тастыктады.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги орусиялык аскерлер Украинанын шаарларына ракета жана артиллерия менен ок атпаганын, өлкөнүн жарандарына «эч коркунуч жаралбаганын» билдирди.«Донецк жана Луганск эл республикаларынын» күчтөрү да Украинанын позицияларына чабуул кылып жатышканы айтылды. Украинанын Чек ара кызматы орус аскерлери Беларустун жардамы менен чабуулга өтүшкөнүн маалымдады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизилгенин билдирди. Ал АКШнын президенти менен кабарлашканын, америкалыктар «эл аралык колдоо көрсөтө башташканын» айтты.