«Нур Строй Монтаж» компаниясынын директору Бишкектин мэри болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев башка кызматка которулгандыктан калаа башчысы болуп Эдилбек Абдыкадыров дайындалды. Тиешелүү буйрукка 24-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Жапаровдун дагы бир буйругу менен Айбек Жунушалиев президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.Жунушалиев Бишкек шаарынын мэрлик кызматына өткөн жылдын 26-августунда дайындалган болчу.

Жаңы мэр тууралуу эмне белгилүү?

63 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров Талас районунун Кара-Ой айылында туулган. Абдыкадыров «Нур Строй Монтаж» компаниясынын директору. 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүп, шайлоодон өтпөй калган. Ал экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин коомдук башталыштагы, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарынын жана Бишкектин вице-мэринин кеңешчиси болуп иштеген.

Мындан тышкары, Абдыкадыров 2020-жылы Ат-Башыдагы Кытай чек арасына жакын аймакта соода-логистикалык борборго инвестор болорун билдирген кытайлык ишкер Лю Индин Кыргызстандагы өнөктөшү экени белгилүү болгон.Логистикалык борбор жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам курулбай калган.