Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болуп, 25 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 25-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан эки адам каза болду, жуктуруунун 25 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Чүй облусунда — 12;
  • Бишкек шаарында — 9;
  • Талас облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 2.

Ошондой эле республика боюнча 132 адам оорудан айыгып чыкты. Учурда ооруканаларда 199 бейтап, үй шартында 905 адам дарыланып жатат.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 200 миң 427ге жетти. Ал эми оорудан 194 миң 796 киши айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 952 киши көз жумду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.