«Максатым элиме кызмат кылуу». Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болду

Өлкө башчы Садыр Жапаров 24-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановду президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындады.

Жапаров ошол эле күнү Сулаймановду кабыл алып, ага Ысык-Көлдүн «туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды» берди.

Ал эми Сулайманов Инстаграм баракчасында «өз күчүн аткаруу бийлигинде сынап көрүүнү» чечкенин билдирди.

«Менин чечимимди президенибиз Садыр Нургожоевич колдоп берди. Мындайча айтканда мага бийик ишенич көрсөттү. Ошол ишеничти толук актоого бүт күчүмдү жумшайм. Кайсыл тармакта, кайсыл кызматта болбоюн менин максатым дайыма элиме ак кызмат кылуу», — деп жазды ал.

Буга чейин аталган кызматты Мирбек Кожоев ээлеген. Ал Ысык-Көл облусун 2021-жылдын май айынан тарта жетектеп келген.

Алтынбек Сулайманов

Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты. Ал биринчи жолу парламентке 2007-жылы бозгун президент Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясы менен келген.

Ал эми 2010-жылы Сулайманов «Республика», 2015-жылы өзү жетектеген «Бир Бол» партиясы менен келген. 2020-жылы Сулаймановдун «Бир Бол» партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылгандардын катарында болгон.

Бийлик алмашкандан кийин Сулайманов шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, шайлоону партиялык тизме аркылуу эмес «преференциалдык система» менен өткөрүүнү сунуштаган. Ал эми 2021-жылы өткөн шайлоодо саясатчы «Альянс» партиясы менен катышып, мандатка ээ болгон.

ЖМКда Сулаймановдун уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы тууралуу байма-бай айтылып, ал тургай кылмыш дүйнөсүнө «Челюсть» каймана аты менен белгилүү экендиги жарыяланган. Андагы маалыматтарга таянсак, Сулайманов башында турган топ күйүүчү майларды мыйзамсыз ташуу жана опузалоо менен алектенет.

Мындан сырткары, Ош, Ноокат жана Кызыл-Кыяда Сулаймановго бир нече спорттук клубдар таандык болгону кабарланган.