Орусиянын Украинага кол салуусу: 24-февралдын түнүнө карата расмий маалымат

Украина жана Орусия өз армияларынын ортосундагы аскердик аракеттер тууралуу айтып берди.

Украинанын билдирүүсү

Украинанын президентинин Кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк 24-февралда өткөн брифингде «согуш Украинанын чек араларынын бардык аймагында жүрүп атканын» жана орус аскерлери бир нече негизги багыт боюнча келе жатканын айтып берди.

Ал Донецк жана Луганск багыттарында толук кандуу аскердик салгылашуу жүрүп жатканын айтты. Калган райондорго орус аскерлери тик учак менен десанттык топ болуп (Чернигов, Сумск, Харьков, Донецк-Луганкс жана Херсон багыттарында) же десанттык кемелер (Херсонск жана Одесса облустарында) менен кирип жатышат.

«Аскердик аракеттер жүрүп жаткан аймактар аркылуу эмес, башка жактан кирген танк колонналары бар — бул Харьков, Сумск жана Чернигов багыттары. Алар бир аз жылып эле согушка кабылып жатат. Бул аралык чек арадан 50 жана 100 км болушу мүмкүн», — деп билдирди Подоляк.

Анын айтымында, айрым жерлерде орус аскерлери «олуттуу жоготууга учурап жатат» — украиналыктар Орусиянын алты же жети учагын, бир нече тик учакты атып түшүрүп, 10дон ашык танкын жок кылышты.

«Салыштырмалуу күчтүү жана масштабдуу танк колонналары Сумск багыты боюнча бара жатат. Ал жакта 300дөй танк бар, алар Сумы [шаарын] курчоого алууну көздөп жатышат. Албетте, Сумы ок чыгарып коргонот. Харьковдо шаардын түндүк-батышын танктар менен басып алуу аракети болду», — деп билдирди Подоляк.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлер Украинанын кургактагы 74 аскерий объектисин иштен чыгарганын, аскердик тик учакты жана төрт чабуулчу учкучсуз аппаратты атып түшүрүшкөнүн маалымдады.

Киев облусундагы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кулап түшкөн учагы. Украинанын ИИМнин маалыматына ылайык, мындан улам 5 украиналык аскер каза тапкан. Сүрөт: Украина ИИМи.

«ДЭРдин аскердик тобу Волновахи [шаарынын] аймагында жети чакырым алдыга жылды. Украинанын 14 аскери колго түшүп берди. Алар аскердик каршылык көрсөтүүдөн баш тартуу тууралуу тил кат жазып бергенден кийин бошотулат», — деп айтылат Коргоо министрлигинин маалыматында.

Ведомство Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу «украиналык аскерлерге сый мамиле кылуу» жана алардын ичинен куралын таштагандарга коопсуз коридорлорду уюштуруп берүү тапшырмасын бергенин кошумчалашты.

Путиндин атайын операциясы

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган.

Украинадагы согуштук аракеттердин интерактивдүү картасы. Сүрөт: «Новая газета».

Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск, ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын армиясынын аскердик инфраструктураларын иштен чыгарып жатышканын билдирген. Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизген. Орусиянын аракеттерин алдыңкы дүйнөлүк державалар кескин сынга алышкан.

Украинанын куралдуу күчтөрү орус аскерлеринин ракеталык аткылоосунан 40 украиналык аскер каза тапканын билдиришти. Ошондой жарандардын арасынан 10 адам каза тапканы айтылууда. Бирок курман болгондор тууралуу так маалыматтар жок, каза тапкандардын саны эки тараптан тең көп болушу мүмкүн.