«Биз аягына чейин каршы турабыз». Украиналык саясатчы Орусиянын кол салышы тууралуу

Орус аскерлери үч күндөн бери Украинанын шаарларын бомба менен жардырып жатат. Орусиянын президенти Владимир Путин муну «8 жылдан бери геноцидке кабылган Донбасстагы адамдарды коргоо үчүн аскердик операция» деп атаган.

Украина бийлиги болсо муну согуш жана суверендүү өлкөгө бастырып кирүү деп атоодо. Биз украиналык саясатчы жана аскердик серепчи Микола Белесков менен Украинада болуп жаткан кырдаал тууралуу сүйлөштүк.

Микола Белесков.

Анын айтымында, украиналык аскерлер орус күчтөрүнүн чабуулун ийгиликтүү кайтарып жатат жана украиналыктардын аскердик духу бекем жана майтарылгыс:

Биз Орусия Федерациясынын нерселерди же абалды өз аты менен атабаган же өзүнө ылайыктуу кылып атап алган практикасын жакшы билебиз. Башкача айтканда алар чыныгы аракеттерди, чыныгы ниетин жашырышат. Болуп жаткан кырдаал Донбасстагы кандайдыр операция эмес эле, иш жүзүндө бардык операциялык багыттарды камтыган толук алкактуу согуш, толук кандуу кол салуу. Киевге бир нече тараптан кол салуу болуп жатат.

Түндүк-батыш жана Белорус тараптан да кол салуулар болуп жатат. Ал [Белорус] Украинага каршы агрессияга катышып жатат, муну Белорусь калкы түшүнүшү керек. Черниговск жана Сумск багыты менен Киевге кол салуу болуп жатат. Ага удаа Харьковго да бир нече чабуул жасалып, алардын мизи кайтарылды. Муну менен катар Украинанын түштүгүндө да, башкача айтканда Херсонск облусунда да кагылышуулар жүрүп жатат. Ошондой эле Одесса жана Николаевдеги десанттарга да [кол салуу] аракеттери болду. Ооба, орустар Донбасска да бастырып кирүүгө аракеттеништи, бирок алардын баары токтотулду, анткени ал жакта биздин эң кубатту аскердик топ жайгашкан.

Учурда согуштук аракеттердин үчүнчү күнү жүрүп жатат. Бул убакыт ичинде Украина орус тараптын 500дөн ашык брондолгон согуштук унаасын, 100дөн ашык танкын, 10дон ашык авиациясын, 10 тик учагын талкалады. 3000ден ашык орус аскерлери туткунга алынды, туткунга алынган дагы 200 орус аскерине медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Башкача айтканда, орусиялык режим көрсөтүп жаткан агрессия жана мыкаачылыкка карабастан, Украина эл аралык укуктук нормаларды так сактап жатат.

Бул ири алкактагы агрессия экенин, жогорку интенсивдүүлүктөгү согуш экенин түшүнүшүңүздөр керек. Бир нече негизги багыттар боюнча Орусия Федерациясы тараптан болуп көрбөгөндөй жоготуулар бар. Биз орусиялыктарды токтонууга мажбурладык. Эгер баштапкы бир жарым күндөгү жоготуулар менен акыркы жарым күндөгүнү салыштырсак, алгачкы бир жарым күндө негизги техникалар жок кылынды. Азыр жоготуулар азыраак, бул орус тарап токтоно баштады дегендик. Айталы, алар топторго биригишти десек болот. Бул эч кандай аскердик операция эмес, бул 21-кылымдагы Европанын борборундагы толук алкактуу агрессия.

Украинанын көрсөтүп жаткан каршылыгы алар үчүн күтүүсүз болду. Алар чындап эле туура эмес эсептеп алышкан. Алар Украинага бастырып киришкенде эч ким аларды тосуп албайт деп ойлошту көрүнөт. Келип чыгышы, кесиби, саясий көз карашына карабай бардык украиналыктар колдоруна курал алып аларга каршылык көрсөтүшүүдө.

Киев катары менен эки күндөн бери сокку астында. Киев калкы Абадан сокууларга каршы (АСК) системаны жок кылууга, аэродромдорго багытталган соккуларды өзүнө кабыл алып жатат. АСК системасы иштей баштаганда, ал ракеталарды кулатып түшүрөт, бирок анын бөлүктөрү жерге түшөт. Лобановск көчөсүнө түшкөн ракета тууралуу биз көргөн акыркы видео аэропорттон анча алыс эмес жайда тартылган. Сыягы, Жуляны аэродромуна сокку урушуп, бирок ракета адамдар жашаган турак-жайга түшкөн. Учурда Киев авиация жана ракеталар тарабынан сокку астында. Тилекке каршы, Абадан коргонуу системасы иштегенде, атып түшүрүлгөн ракета зыян алып келүү тобокелчилиги бар.

Диверсиялык-чалгындоо топторунун кирүү аракеттери болду, айрыкча Киевдин оң жээгинде. Кечээ бир нече ирет аракет кылышты, ошол күндүн түнү да, бирок алардын баары кайтарылган. Башкача айтканда курчоого алынган. Коопсуздук үчүн полиция, Улуттук гвардия, Украинанын ккызматы активдүү иштеп жатат. Украинанын калкы тобокелчиликтер тууралуу так кесе кулактандырылган. Кызматтар мындай тобокелчилик бар, тигиндей коркунуч жаралды, эгер диверсанттарды байкап калсаңыз маалымат билсеңиз, башкача айтканда бизди чакырыңыз деп такай билдирүү жасап жатат.

Адамдар куралдарды алышты, жүз миңдеген Молотов коктейлдери, тактап айтканда, каршылык көрсөтүүгө даяр адамдардын тобу түзүлдү. Путин Украина бар кезде Орусия өзүн коопсуз сезе албай турганын көрсөтүп койду. Бирок бул болбогон кеп. Бул Украинаны, элди, 2014-жылдан кийин калыптанган биздин иденттүүлүктү жок кылуу үчүн ачылган согуш.

Бардык багыттар боюнча тирешип жаткан тараптар, алар эл аралык коомчулуктун реакциясы үчүн болгону убакыттан утушат, анда да тилекке каршы, бардык башка учурларда болгондой эле, өздөрүн жакшы эмес тарабынан көрсөтүп алышат. Биз эки күн катары менен уттук, үчүнчү күн болуп жатат. Тилекке каршы реакция дагы кечеңдеп жатат. Батыштын реакциясын күтүү менен катар калкты мобилизациялоо жүрүп жатат, эркектер чогулуп жатышат. Бул жерде маселе бизде адам ресурсу бар экенинде, алар өз өмүрлөрүн тобокелге коюуга даяр болушканында. Бирок жылаңач кол менен бронотехникага каршы согушуу кыйын.

Мен азыр батыш ЖМКлары менен маектешип, комментарий берип жатам. Мен аларга сиздерди келечектеги тарыхчылар кантип эстеп каларын түшүнүшүңүздөр керек деп так айтып жатам. Келечектин тарыхчылары Украина тууралуу феноменалдык улут катары жазышат. Биз бул агрессияны жеңип чыгабыз, украиналыктар башка өлкөлөргө баганда адамдар аларга кол чабышат. Алар Украина калкынын жасаганын таанышат. Ал эми кечиккен реакциясы менен — Батыш уят болот. Бул уятты Батыш дээрлик жууп кетире албайт.

Биз алган нерселерибиздин баарына ыраазыбыз — кол салууга каршы системалардын баары натыйжалуу пайдаланылып жатат. Бирок бул жетишсиз, көбүрөөк керек. Миңдеген, он миңдеген даана танкка каршы куралдар, зениттик ракеталык комплекстер керек. Мен алар, бүткүл дүйнө, Киев жана башка шаарлардын көрүнүшүнүн сүрөттөрдөн көргөндө,боору ооруп алдыдагы күндөрү тез арада реакция кылат деп үмүттөнөм. Анткени бир гана Киев аткылоо астында калган жок, «Смерч» ок атуучу ракеталар системасы менен Харьков да аткыланып жатат. Ахтырка да аткыланып жатат — бул мен туулган шаарга кошуна жайгашкан шаар, ал Сумск облусунда жайгашкан. Кичинекей балдарга ок чыгарып жатышат.

Киевде эч кандай марш өткөн жок. Албетте, муну баары түшүнгөндө, каршылык көрсөтүүнүн масштабы түшүнүктүү болот деп үмүт кылам, Батыш ойгонот деп үмүт артуудан башка вариантым жок. Биз бир гана Батыштан колдоо күтүп жаткан жокпуз. Биз башка мамлекеттер эң аз дегенде бизди түшүнүүсүн каалайт элек. Ошондуктан мен кайсы өлкөнүн журналисттери болбосун алар менен баарлашып, аларга түшүндүрүүгө аракет кылып жатам. Биз эң аз дегенде тилектештикти издеп жатабыз. Адамдар, аянттарга, өлкөңөрдөгү Орусиянын элчилигинин алдына чыккыла, бул аракеттерди токтотууну сурангыла, бул геноцид аракети болуп жатат. Биз кайсы өлкөнүн калкы болбосун, кандай колдоо болбосун күтүп жатабыз. Бишкектин тургундарынан да колдоо күтөбүз.

Кандай формада болбосун Украинага тилектеш экениңиздерди көрсөтө бериңиздер. Биз баарын көрүп турабыз жана баалайбыз. Бизге кандай болсо да колдоо, тилектештик керек, жана бул нерсе биз үчүн сиздер жасай ала турган жалгыз нерсе. Биз сиздер курал-жарак менен жардам бере албай турганыңыздарды жакшы түшүнөбүз, бирок Украинанын калкына тилектештик көрсөтө аласыздар жана биз буга үмүттөнөбүз.

Путин токтобой турганы 100%. Украинаны басып алууна ага эмне тоскоол боло алат, айтыңызчы? Андан кийин Балтика өлкөлөрүн басып алышына эмне тоскоолдук кыла алат? Ага удаа эле ядердик курал менен коркутуп Батыштын реакциясын кармап турсачы. Украина менен чектеш жайгашкан Польша, Венгрия, Румыния, Словакияга да сес көрсөтө турган болсо, эмне ага тоскоол боло алат? Эч нерсе аны тыя албай калат.

Украина үчүн капитуляция такыр каралгыс вариант. Себеби бул экзистенциялык коркунуч. Адамдар аларды жок болуу күтүп турганын түшүнүшөт. Жок кылынып, атылып өлгөнгө караганда колдо курал кармап, күрөшүп өлгөн жакшыраак. Анткени Путин денацификация тууралуу ачык айтты. Бул анын тилинен которгондо — Украина күн сайын саясий улуту калыптанып жаткан, жыл сайын күчтөнүп бараткан, көз карандысыз өлкө экенин, украин калкы өзүнчө иденттүүлүккө ээ калк экенин айткан украиналыктарды массалык түрдө кырып жок кылуу дегенди түшүндүрөт.

Саясий улутту коомдун түрдүү катмарынан, ар башка тектүү, кесиптеги, түрдүү тилде сүйлөгөн, түрдүү диндеги, саясий көз караштагы адамдар бириккен адамдар түзөт. Башкача айтканда, мунун баары украин улуту. Биз 40 миллион улутпуз, биз аягына чейин каршылык көрсөтөбүз.

Биз согуштук аракеттердин толук токтотулушун, Украинанын аймагындагы аскерлердин толук чыгарылып кетишин жана компенсация маселесин карайбыз. Ушунун баарынан кийин, орус калкы украин элине жасалган иштер үчүн компенсация катары жүздөгөн миллиард доллар карыз болушат.

Украинанын президенти Киевде. Ага ишарат кылып, мындай дешиптир: «АКШга чыгып кет. Улуу Британияга кач». Украинанын президенти азыр өкмөттүк кварталда. Коопсуздук жана коргоо күчтөрүн башкаруу менен алек. Зеленский кайдадыр качып кетиптир деген сөздөрдүн баары калп. Ал өкмөттүк кварталдан, президенттин администрациясынан түз эфир уюштуруп жатат. Ал так кесе «Мен ушул жердемин» деп айтты.

Эч нерсеге, эч кимге, Украина каршылык көрсөтүүнү токтотту деген сөздөргө ишенбеңиздер. Украина БУУнун өзүн-өзү коргоо тууралуу 51-беренесинде жазылган, мүмкүн болгон бардык ыкмалар менен мындан ары да каршылык көрсөтүүнү улантат.