Украинадан Польшага жана Молдовага 30 кыргыз жараны чыгып кетти

«Азаттык» үналгысы Кыргызстандын Украинадагы элчилигине таянып, 27-февралга карата өлкөдөн 30 кыргызстындык чыгып кеткенин билдирди. Анын 14ү Польшага кеткен, дагы төртөө жолдо баратат. Ал эми калган 18и Молдовага чыккан.

Ошол эле маалда элчилик дагы 96 кыргыз жараны Венгрияга, 15 кыргызстандык Польшага кетүүгө даярданып жатканын кабарлады. Андан тышкары төрт адам Румынияны көздөй жолдо бара жатканы белгиленди.

Мекеменин маалыматы боюнча, учурда элчилик консулдук каттоодо турган 680 адамдын 300 менен такай байланышып жатат. Азыр Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 адам бар.

Элчилик Киев, Одесса, Харьков жана Львов шаарларында коопсуз турак жайы жок кыргызстандыктарга убактылуу баш калкалай турган жайлар уюштурулганын кошумчалады.

Украинада төрткүнчү күн катары менен согуштук аракеттер болуп жатат. 24-февраль күнү таң эрте орус аскерлери Украинанын аймагына бастырып киришкен. Жай тургундар ок атуулардан метро менен жертөлөдө жашынууга аргасыз болушууда. Аскерий абал жарыяланган.