«311 млн сомдон ашык зыян». УКМК «Бишкексууканалда» коррупциялык схеманы аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы «Бишкексууканал» ишканасында коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ишкананын жооптуу адамдары жеке курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, «Бишкексууканалдын» бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төкпөстөн 23кө жакын курулуш объектисин суу менен камсыздоо жана канализация тармактарына туташтырышкан.

Бишкексууканал. Сүрөт: БСК сайты.

Белгиленгендей, сөз 2018-2021-жылдары Бишкек шаарынын түштүк аймагында курулган үйлөр жөнүндө болуп жатат. Суу менен камсыздоо тармактарына кошуулуу үчүн түшө турган акчалар Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо» долбооруна алынган насыяларды пайыздары менен төлөөгө, ошондой эле суу менен камсыздоо жана канализациянын магистралдык жана бөлүштүрүүчү тармактарын курууга жумшалышы керек болчу.

«“Бишкексууканалдын” бюджетине 311 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Азыркы учурда аталган сумманын бир бөлүгү куруучулар тарабынан кайтарылып берилди», — деп кошумчалашты УКМКдан.

Атайын кызмат иликтөө жүргүзүп, коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктап жатат. Аьалган коррупциялык схеманы уюштурган «Бишкексууканал» ишканасынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда.

«Келтирилген зыяндын орду толук толтурулгандан кийин каражаттар өз максатына жумшалат», — деп билгилешти УКМКдан.