Акча жүгүртүмү 30 млн сомго чейинки бизнестин камсыздандыруу төгүмүн азайтуу сунушталды

Социалдык өнүктүрүү фонду парламентке акча жүгүртүмү 30 млн сомдон ашпаган бизнестер үчүн камсыздандыруу тарифтерин төмөндөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу ведомстонун жетекчиси Бактияр Алиев парламенттин 3-марттагы отурумунда айтты.

«Жалданган кызматкерлердин саны кеминде беш адам болсо, ай сайын 27,25%дан 22 пайызга чейин, ал эми алардын саны 15 адам болсо, 27,25%дан 14 пайызга чейин, жумуш берүүчүдөн 17,25%дан 4%га чейин төмөндөтүү каралууда», — деди ал.

Алиевдин айтымында, тарифтерди төмөндөтүү 2022-жылдан 2024-жылга чейин созулат. Ал документ президенттин камсыздандыруу төлөмдөрүн төмөндөтүү боюнча жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыкканын кошумчалады.

Документте мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканалар, мамлекеттик ишканалар, ошондой эле мамлекеттик үлүшү 51%дан ашкан уюмдарга бул өзгөртүүлөрдүн тиешеси жоктугу айтылат.