Коргоо министрлиги: Кыргызстан Украинада орус армиясына аскердик жардам көрсөткөн жок

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Альнур Мусаевдин билдирүүсүн четке какты. Мусаев Кыргызстан Украинада Орусияга жашыруун түрдө аскердик жардам көрсөтүп жатат деп билдирген эле.

Буга байланыштуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

«Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрү республиканын аймагында. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча ар кандай божомолдорду толугу менен жокко чыгарабыз», — деп билдиришти Коргоо министрлигинен.

Коргоо министрлиги жарандарды расмий булактардын гана маалыматына ишенүүгө чакырды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Альнур Мусаев 2-мартта Фейсбук барагына «Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын басымы менен өз позицияларынан тайып, жашыруун түрдө ага аскердик колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен» деп жазган.

«Аскер техникасы, ок-дарылар, ошондой эле бул Борбор Азия республикаларындагы орусиялык контингент согушка катышуу үчүн Орусияга четинен чыгарылып жатат. Орусия Казакстанга да басым кылып, Украинага каршы согушта өз тарабына өтүүнү талап кылууда. Токаевдин (Касым-Жомарт Токаев — Казакстандын президенти) жана биздин ТИМнин акыркы билдирүүлөрүнө ылайык, Казакстандын бийлиги да Орусияга жашыруун жардам көрсөтүүгө даяр экени көрүнүп турат», — деп жазган Мусаев.

Альнур Мусаев «Клоопко» курган маегинде бул маалыматты ага ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук келишиминин уюму) Катчылыгындагы өздүк булагы билдиргенин айтты. Мусаев Фейсбуктагы билдирүүсү өчүрүлгөнүн да кошумчалады.