Кара-Сууда эки киши 5,7 миң жасалма АКШ доллары менен кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жасалма АКШ долларын сатууга аракеттенген эки киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы 4-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 3-мартта «К.» аттуу киши «ири суммадагы жасалма АКШ долларын сатууну көздөп жатканы» тууралуу маалымат тушкөн.

Кара-Суу РИИБи териштирүүнү баштап, ошол эле күнү Кызыл-Кыштак айыл аймагында эки кишини кармаган. Алар Алай раойнунун жана Жалал-Абад облусунун тургундары болуп чыгышкан.

Шектүүлөрдүн биринин жанынан 50 даана 100 долларлык купюра, ал эми анын шеригинин чөнтөгүнөн жети даана 100 долларлык купюра табылган.

Милиция жасалма 5 700 АКШ долларын далил катары алып, ага экспертиза дайындады. Бул факты боюнча «Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ал эми шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.