Каршы тилкеде бараткан Ташиевге караштуу делген кортеж. УКМК комментарий берүүдөн баш тартты

Социалдык тармактарда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге караштуу делген эки жолтандабастын борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен каршы тилкеде бараткан видеосу тарады.

Кызыл-көк түстөгү маягы жана фаралары өчүп-күйүп, катуу ылдамдыкта келе жаткан Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү эки унаага өз жолу менен бараткан айдоочулар жол бошотушкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кортеж тууралуу «Клооптун» суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Бишкек ШИИББинин кайгуул кызматынын башчысы Азамат Исраилов «Кактус Медиа» басылмасына УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин кортежинин мындай маневр кылууга укугу бар-жогу текшериле турганын билдирди.

Исраилов соцтармактарга тарап жаткан видеону көрбөгөнүн белгилеп, ыкчам иштөө тууралуу жобо бар экенин жана аталган жолтандабастар ыкчам унаалар катары саналаарын белгиледи.

«Эгерде жарык сигнализациясы орнотулуган ыкчам унаа болсо, анда мындай унаа жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбай коё алат. Бирок анын да шарты бар: айдоочу башка унаалар ага жол берип жатканына ынанышы керек, болбосо андай кылууга тыюу салынат», — деди ал.

Милициянын кайгуул кызматынын башчысы унаалар кандайдыр бир муктаждыктан улам каршы тилкеге ​​чыгууга аргасыз болгон болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Жол кыймылынын эрежелерине ылайык, оперативдүү жана атайын кызматтын транспорт каражатынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык милдетин аткарып жатканда көк түстөгү жаркылдоочу маяктарды колдоно алат. Бирок, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Көк түстөгү жаркылдоочу маякка кошумча кызыл түстөгү маяк дагы иштетилиши мүмкүн.

Ушундай эле укукту оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттары менен коштолгон унаанын айдоочулары пайдалана алат.

Өткөн жылдын 2-августунда журналисттер УКМКнын короосуна кымбат баалуу эки жол тандабастын кирип бара жатканын видеого тартып алышкан. Анда эки унаа кызыл-көк түстөгү маякты жандырып келип, короого кирип кеткен. Ал эми унаадан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев түшкөн. Эки видеодогу унаалардын маркалары окшош жана ак түстө.

Жолтандабастар Камчыбек Ташиевдин өзүнүкүбү же кызматтык унаасыбы белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы бул тууралуу суроого жооп берген эмес.