Next TV телеканалы улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, жетекчиси кармалды

УКМК Next TV телеканалына карата кылмыш иши козголгонун маалымдады. Атайын кызмат Next TV каналы соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан» деп эсептейт. Журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан.

Жактоочу Акмат Алагушев телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кармалганын билдирди.

«48 сааттан кийин баш коргоо чарасы каралат. Эфирдин токтотулганын туура эмес деп эсептейм. Маалымат телеканалга таптакыр тиешеси жок башка булактан чыккан. [Офисти] мөөрлөп, эфирди токтотууга эч кандай зарылчылык жок эле», — деди ал.

УКМКнын маалыматында айтылган кылмыш ишине Альнур Мусаевдин «Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын басымы менен өз позицияларынан тайып, жашыруун түрдө ага аскердик колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен» деп жазган билдирүүсү себеп болгону айтылат. Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлиги төгүндөгөн. Ал жактан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта Кыргызстан орус армиясына аскердик колдоо көрсөткөн жок деп билдиришкен.

Телеканал Мусаевдин айткандарын Фейсбук жана Телеграм каналына жарыялаган.

УКМК «телеканалдын аракеттери туура эмес маалыматтын берилишине, Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин калкын адаштырууга алып келген, ошондой эле улуттар аралык кастыкты козутуунун жана улутка негизделген кастыкты калыптандыруунун катализатору болуп саналат» деп түшүндүрөт.

Күч кызматкерлери аларда Next TV телеканалынын аракеттеринде улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар болгонун көрсөтүп турган эксперттик корутунду бар экенин айтышууда.

«Алынган материалдардын негизинде Next TV’га “Улуттар аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. [...] Телеканалдын жооптуу кызматкерлерине карата тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынат», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМК ЖМКларды кесиптик этиканы сактап, жалган жана такталбаган маалыматтар камтылган макалаларды чыгарбоого чакырды.

«Кээ бир учурларда [мындай маалыматтар] орду толгус, анын ичинде өлкөнүн аброюна зыян келтирүү менен байланышкан кесепеттерге алып келиши мүмкүн», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мындан тышкары, атайын кызматтан ал жакта «бузуку күчтөр тарабынан коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө, аныктоо жана алдын алуу максатында» интернетке такай мониторинг жүргүзүлүп жатканын баса белгилешти.

Телеканалдын Фейсбук барагында Next TV Кыргызстандын баардык аймагында обого чыгары айтылат. Канал ар күнү актуалдуу окуяларды, бейтарап жаңылыктарды жана интервьюларды чагылдырат. Телеканалдын саясатчы Равшан Жээнбеков менен байланышы бар болушу мүмкүн.