Украинанын Башкы штабы: Согушта 9 миңден ашуун орус аскери каза тапты

Украинанын аймагына кирген орусиялык аскерлер. Сүрөт «9111.ru» сайтынан алынды 

Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аймагына бастырып кирип, ракета жана бомба ыргытып, аткылап жатканына тогузунчу күн болду. Алгачкы күндөн тарта эле украин бийлиги согуштагы жоготуулары тууралуу маалымат берип турган. Ал эми Орусиянын расмий бийлиги каза тапкан аскерлеринин санын 2-мартта гана ачыктаган.

Украинанын Башкы штабынын маалыматына караганда, 4-мартка карата согушта 9 166 орусиялык аскер каза таап 1,5 миңдей аскерий техника жок кылынган.

Атап айтканда: 939 брондолгон унаа, 404 унаа, 251 танк, 105 артиллериялык система, 60 күйүүчү майдын цистерна, 50 бир учурда бир канча ок атуучу реактивдүү система, 37 тик учак, 33 учак, 18 абадагы чабуулга каршы система, эки катер жана үч аскердик дрон.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун 28-февралдагы маалыматы боюнча, Орусиянын кол салуусунан 102 жай тургун каза болгон. Ошол эле күнү Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги 352 жай тургун каза тапканын, анын 14ү жаш бала экенин билдирген.

Украинанын Башкы штабы каза болгон аскерлери тууралуу маалыматты ачыктай элек.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 2-мартта согушта 498 аскер каза болуп, 1 597 жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Ошондой эле орус бийлиги 2 870 украин жоокери каза таап, 3700 киши жарадар болгонун билдирген. Мындан сырткары, Орусиянын куралдуу күчтөрү 572 украиналык аскерди барымтага алганын маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

БУУ Орусиянын Украинага кол салуусун айыптады, орус бийлиги 500дөй аскери каза тапканын айтты

Украина: Европадагы ири АЭС өрттөндү, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы жыйынтыкталды