Украина: Европадагы ири АЭС өрттөндү, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы жыйынтыкталды

Харьков облусундагы айылды бомбалоонун кесепети. Сүрөт: Украинанын ӨКМи

4-мартка караган түнү Украинанын Запорожск облусундагы Энергодар шаарында согуш аракеттери активдүү жүрдү. Бул шаарда Европадагы эң ири атомдук электростанция — Запорожск АЭСи жайгашкан. Ал аткылоого кабылып, АЭСте өрт чыкты.

Буга байланыштуу Украинанын президенти чукул билдирүү жасап, орус танктарынын АЭСти аткылоосу «жаңы Чернобылга» алып келиши мүмкүн деп билдирди.

Ал эми Запорожье АЭСинин башкы директорунун милдетин аткаруучу Игорь Мурашов «станцияда өзөктүк коопсуздук бузулганын» маалымдады.

«Колдон келгендин баарын кылып жатабыз, бирок өрт токтобой жатат, өрт өчүрүүчүлөрдү жолотпой коюшту. Станцияда аскерий аракеттер жүрүп жатат. Реакторлор кооптуу абалда», — деген ал.

4-марттын таңында станцияда атышуу токтоп, өрт өчүрүлгөн. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) АЭСте негизги жабдуулар жабыр тартпаганын билдирди, ал эми АКШнын Энергетика министрлигинин башчысы АЭСке жакын аскердик операция жүргүзүүнү «акылка сыйбастык» деп атады.

Белоруста Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү. Тараптар адамдарды коопсуз жайга көчүрүү, дары-дармек жана тамак-аш өткөрүү үчүн гуманитардык коридорлорду уюштурууну макулдашышты, бул айрыкча «айыгышкан согуш жүрүп жаткан жерлерге» тиешелүү. Келишим ок атууну убактылуу токтотуп турууну шарттайт, бирок ал калкты коопсуз жайга көчүрүү иштери жүрүп жаткан жерлерге гана тиешелүү. Сүйлөшүүлөргө чейин Украина тарап бул келишимди «минималдуу программа» деп атаган.

Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү баскычы жакын арада өтүшү керек. Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Украина «эң кыска убакытта ок атууну токтотуу боюнча олуттуу макулдашууларга барууну» көздөп жатат деп айтты.

Орус бийлиги Украинада болуп жаткан согушту бейтарап чагылдырууга аракет кылган ЖМКларга болуп көрбөгөндөй басым көрсөтүүнү улантууда. «Эхо Москвы» каналынын артынан эле (басылманын кызматкерлери редакциянын ютуб-каналында иштөөнү улантышарын айтышты) «Дождь» телеканалы да иши токтотулганын билдирди. Роскомнадзор «Медузанын» да ишин чектеди. Редакция «күтүлгөндөй эле болгонун жана ишин улантып жатканын» билдирди.

Украинанын шаарларын аткылоо уланып жатат. Украинанын Өзгөчө абалдарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 3-мартта Чернигов шаарындагы урандылардын астынан 33 кишинин сөөгүн алып чыгышканын, 18 жаран жарадар болгонун кабарлады. Кагылышуулар Буче аймагында (Киевдин чет жакасында), Харьков, Энергодар жана башка шаарларда жүрүүдө.

Орусиянын Украинага карата агрессиясынын шартында Украинанын артынан Грузия менен Молдова да Евробиримдикке кирүү тууралуу арызын жөнөттү.