БУУ: Украинада 102 жай тургун каза тапты, бирок алардын реалдуу саны кыйла көп болушу мүмкүн

Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы согушта курман болгондордун реалдуу саны бүгүнкү күндө белгилүү болгондон да көп болушу мүмкүн деп кооптонууда. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет 28-февралда билдирди.

Анын айтымында, орус аскерлери Украинага бастырып киргенден бери кеминде 102 жай тургун өлтүрүлгөн, алардын ичинде жети бала бар.

«Бул жай тургундардын басымдуу бөлүгү жардыруучу куралдан, анын ичинде оор артиллериядан жана реактивдүү системанын аткылоосунан, аба соккуларынан кийин каза тапкан. Мен сандар алда канча көп деп чочулап жатам», — деп жазды Euronews Бачелеттин сөзүн.

28-февраль, Харьковдогу аткыланган үйлөр. Сүрөт соцтүйүндөрдөн алынды.

Бачелет Украинадагы согушта дагы 304 адам жарадар болгонун кошумчалады.

БУУнун комиссары орус аскерлеринин кол салуусунан Украинанын миллиондогон жай тургуну, алардын арасында улгайган адамдар коркунучтан качып, метролорго жана баш калкалоочу жайларга топтолууга аргасыз экенин белгиледи. БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын маалыматында, Украинадан 368 миңден ашык адам чыгып кеткен.

«Качкындардын саны [...] өсүп жатат, эсептерге ишенсек, алардын саны беш миллионго чыгышы мүмкүн. Адамдар чек арадан өтүш үчүн күндөп-түндөп кезекте турушат. Украиналык качкындар Молдова, Польша, Румыния, Словакия жана Орусияга кирип жатышат», — деп билдиришкен уюмдан 27-февралда.

Украиналык качкындар. Сүрөт: БУУ.

24-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.

27-февралда Украинанын ИИМи орус аскерлери бастырып киргенден бери 352 киши каза болгонун, алардын 14ү балдар экенин кабарлаган. Жалпы 1684 адам жабыркаган.

Орус тараптан да курмандыктар бар. 27-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага бастырып киргенден бери орус аскерлеринин арасында каза жана жарадар болгондор бар экенин расмий моюндаган, бирок алардын так санын айткан эмес. Ал арада Украина согуштун алгачкы үч күнүндө Орусиянын 4300гө чукул аскери каза болгонун билдирүүдө.