ЖМК: Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев аял менен мушташа кетти

Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев Бишкекте коомдук жайлардын биринде аял менен мушташа кетти. Бул тууралуу Орра порталы жазып чыкты. Портал мушташтын видеосун инстаграмга жарыялаган.

Видео: Орра

«Окуя 15-январда Бишкектеги кафелердин биринин жанында болгон. Күбөлөрдүн биринин айтымында, Сагынбаев ишкананын конокторунун бири менен улут аралык темада кайым айтыша кетип, сыртка чыгышкан», — деп жазды портал.

Окуя видео байкоо камерасына түшүп калган. Тасмадан кайым айтышуу учурунда аял Сагынбаевге түспөлдөш кишини жаакка чаап, берки киши аялды бир нече жолу бет тушка койгонун көрүүгө болот. Окуянын күбөсү порталга «Сагынбаев аялдын мурдун сындыра чапканын» айтып берген.

Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы 24.kg’ге окуяны тастыктап, толук маалымат кийинчерээк берилерин айткан. Каныбек Сагынбаевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Милиционер менен болгон окуя

Каныбек Сагынбаев — Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана орус бильярды боюнча ири мелдештердин жеңүүчүсү.

2014-жылы Сагынбаевге унааны мас абалында башкарганы үчүн административдик протокол түзүлгөн. Ал эми Сагынбаевдин унаасындагы досуна милиция кызматкерин сабаганы үчүн кылмыш иши козголгон.

«Жол инспектору Каныбек Сагынбаев айдап бараткан унааны токтотууга эки жолу аракет кылган. Ошол учурда унаанын жүргүнчүсү чыгып, адепсиз сөздөрдү айтуу менен Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсүнүн денесин зыянга учураткан», — деп билдиришкен анда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан.

Анда Сагынбаев «Клоопко» маек куруп, чынында эле унаасын «бир аз мас абалында» башкарып бара жатканын мойнуна алган. Бирок анын айтымында, ал адекваттуу жана акыл-эси ордунда болгон, ал эми милиционерлер болсо досу экөөнө эч кандай себеби жок эле кол салышкан. Ал милиционерлер «биринчи болуп кол салгандан кийин досу ага жөн гана болушканын» билдирген.

Дагы окуңуз: 

Видео: Бильярдчы Сагынбаевдин таанышы милиционерди сабаганБильярдчы Сагынбаев милиционерлерди досу экөөнө кол салган деп айыптап жатат