Видео: Бильярдчы Сагынбаевдин таанышы милиционерди сабаган

Кечээ кечинде бильярдчы Каныбек Сагынбаевдин жүргүнчүсү алардын унаасын токтотууга аракет кылган Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсүн ур-токмокко алган.

Окуя 16-февраль күнү кечинде Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон — 23 жаштагы жүргүнчү белгилүү бильярдчы Каныбек Сагынбаевдин башкаруусундагы унааны эки жолу токтотууга аракел кылган милиция кызматкерин сабап жиберген.

«Ошол учурда автоунаадан 23 жаштагы К.Улан аттуу жүргүнчүсү чыгып, адепсиз сөздөрдү айтуу менен Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсүнүн денесин зыянга учураткан. Андан соң кармалып, Октябрь райондук ИИБсинин тергөө бөлүгүнө алынып келинди», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Окуя болгон жерде тартылган видео интернетте 17-февраль күнү күндүз пайда болду — анда сабалган милиция кызматкеринин телеканалдардын бирине маек берип жаткандыгы тартылган.

«Качан мен алардын унаага отурушун өтүнгөнүмдө анын (Сагынбаевдин) досу чыгып мени уруп жиберди», — деди Жол кайгуул кызматкери.

Бишкектин тургунуна каршы Кылмыш кодексинин 314-беренеси менен каралган «бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ал Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бильярдчы Сагынбаевге карата унааны мас абалында башкаргандыгы үчүн административдик протокол толтурулуп, унаасы айып жайга токтотулду.

Бильярд боюнча эл аралык мелдештердеги жеңиштери менен белгилүү Сагынбаевдин өзү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Автор: Дарина Манасбекова