Акыйкатчы УКМКны Конституцияда кепилденген ЖМК эркиндигин урматтоого чакырды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова журналист Таалай Дүйшөнбиевдин кармалышына байланыштуу билдирүү жасады. Кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз беребиз:

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жана сот органдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин урматтоого чакырат

Сөз эркиндиги — бул Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки эң башкы жетишкендиктеринин бири. Бул жетишкендикти эл аралык коомчулук жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр да баса белгилешет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, сөз эркиндиги жана ар бир жаран оз ой-пикирин ачык-айкын билдирүү эркиндиги, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген, аларды так жана кынтыксыз сактоо эгемендүү эркин, укуктук жана демократиялык мамлекеттин негизги көрсөткүчтөрү катары кабыл алынат.

Азыркы учурда, NextTV телеканалына карата жүргүзүлүп аткан укук коргоо органдын шашылыш иш-аракеттерине, тактап айтканда, төмөнкү жагдайларга карата УКМК тараптан шашылыш укуктук баа берилишине байланыштуу акыйкатчы өз тынчсыздануусун билдирет:

  • жарыялоонун мазмунуна (экспертизанын жүргүзүлүшү жана анын жыйынтыктары ошол эле дайындалган күнү даяр болгондугуна);
  • маалыматтык материалды жарыялаган субъектти аныктоо, анын Next TV телеканалына түздөн-түз тиешеси;
  • айыптоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негиздүүлүгү, анын тактыгы, жана телеканалдын көрсөтүүсүнун жабылышы.

Акыйкатчы:

  • укук коргоо жана сот органдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге карата чечим кабыл алууда, мамлекетибиздеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиктеринин сакталышы тууралуу конституциялык кепилдиктерди жетекчиликке алууну;
  • сот органдары Next TV телеканалына карата укук коргоо органы тарабынан көрүлгөн жана пландаштырылган иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна, анын шайкештигине жана зарылчылыгына укуктук баа беришин жана бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин чечүүдө иштин бардык жагдайларын эске алууга чакырат.

Акыйкатчы NEXT TV телеканалы боюнча маселени өз көзөмөлүнө алгандыгын жана адвокаттар менен тыгыз байланышта экендигин, ошондой эле, Акыйкатчы институтунун тийиштүү кызматкерлери УКМКнын ТИЗОсуна барып, NEXT TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевге жолугушуп келишкендиги тууралуу маалыматты билдирет.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова