Бишкекте согушка каршы митингге чыккан активист Мирлан Атакозу кармалды

Биринчи май РИИБи 5-мартта Орусия элчилигинин алдына тынчтык митингине чыккан активист Мирлан Атакозуну кармады. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук барагында билдирди.

Абдирасулованын айтымында, Атакозу «Майда бейбаштык» беренеси менен айыпталып жатат. Ошол эле учурда укук коргоочу активист митингде тыюу салынган араттерди жасабаганын белгилейт.

«Ал өзү 2 сааттан бери байланышка чыкпай жатат. Аны 14 сааттан бери кандай абалда кармап жатышканы белгисиз. Биз аны милиционердин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес деп кармашкан деп ойлоп жатабыз. Бирок мен дайыма айтып келем, милиция кызматкерлеринин талабы өзү мыйзам менен негизделиши керек», — деген укук коргоочу.

Анын айтымында, тынч чогулуштар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, митингдерге согушка чакырыктар, зордук-зомбулуктар, адам укуктарын бузуулар болгондо жана башка тынч жыйынды үзгүлтүккө учуратуу максатында каршы жыйын өткөрүлгөндө гана тыюу салынышы мүмкүн. Эгерде жогоруда аталгандай негиз жок болсо милиционердин тынчтык митингди токтотуу талабы өзү мыйзамсыз.

5-мартта Атакозу теги кармалып турган Ички иштер башкармалыгына Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү да барышкан. Анда активист кандайдыр бир даттанууларды айткан эместигин белгилешкен. Ошондой эле 6-мартта саат 10до активисттин сот отуруму болоорун кабарлашкан.

6-мартта Мирлан Атакозу Фейсбук баракчасында Биринчи май РИИБинин кызматкерлери аны бир түн кармашканын тастыктап, сот отурумун күтүп жатканын айткан.

Учурда ИИМ активисттин кармалышы тууралуу билдирүү тарата элек.