Эрбол Султанбаев Украинадагы согуштун шартында «жалган» маалымат таратпоого чакырды

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандыктарды жана ЖМК өкүлдөрүн «мамлекеттер ортосунда кырдаалды курчута турган» «такталбаган, анык эмес маалыматтарды» таратпоого чакырды. Кайрылуу президенттин Телеграм каналына чыкты.

Султанбаев «дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганын» жазды.

«"Интернеттен алдык" деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар», — деп чакырды Султанбаев.

Маалымат катчынын айтымында, Кыргызстанда «сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет, эч ким сөз эркиндигин чектеген жок». Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбаш керек.

«Анан мыйзам чегинде териштире баштаса "сөз эркиндигин ооздуктап жатат" деп айтып чыгасыздар. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар» — деп кеңеш берди Султанбаев.

Next TV телеканалынын директорунун кармалышы

Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-март күнү кечинде кармалган.

Атайын кызматтын версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан». Бирок журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан. Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлиги төгүндөп, ал жактан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта Кыргызстан орус армиясына аскердик колдоо көрсөткөн жок деп билдиришкен.

Жактоочу Акмат Алагушев телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кармалганын маалымдаган.

Кийинчерээк редакциянын кызматкерлери — Перизат Саитбурхан кызы жана Өмүрбек Сатаев суракка алынган.

Медиакоомчулук теканалдын директору Дүйшөнбиевди колдоп чыгып, анын кармалышы — «сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы» деп билдирген. Дүйшөнбиевди акыйкатчы Атыр Абдрахматова да колдоого алган. Ал УКМКны Конституцияда кепилденген ЖМК эркиндигин урматтоого чакырган.

Саясатчы жана Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков телеканалдын директору менен кызматкерлерин коргоп, «андан көрө мени камагыла» деп билдирүү жасаган.

Орусиядагы аскердик цензура

24-февраль түнү орус аскерлери Украинага бастырып киришкен. Орусия өзүнүн ЖМКна Украинадагы согушту «согуш» деп атоого тыюу салып, «атайын операция» деп атоого мажбурлоодо.

Согуштун алгачкы 10 күнүндө Орусияда бийликтен көз карандысыз ири ЖМКнын дээрлик баардыгы жабылган. «Медуза», «Би-би-си», «Азаттык радиосу», Deutsche Welle, «Голос Америки», «Настоящее время», ТВ-2, «Тайга.Инфо», The New Times, Doxa, The Village басылмаларынын ишине бөгөт коюлду. «Важные истории» жана OCCRP уюму «керексиз (чынында тыюу салынган) деп табылды.

«Газпромго» таандык «Эха Москвы» радиосунун жетекчилиги станция жабылганын билдирди.

4-мартта президент Владимир Путин Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн «атайын операциясы» тууралуу «чындыкка дал келбеген маалыматтарды» тараткандарды 3 жылдан 15 жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Орус бийлигинин билдирүүсүнө ылайык, алар орус бийлигинин расмий маалыматтарынан айырмаланган бардык маалыматтарды «чындыкка дал келбеген маалымат» деп эсептешет.

Мындай билдирүүлөр мисалы, төмөндөгүдөй: 3-марта Путин «украиналык улутчулдар» Украинадан чыгып кетүүнү каалаган жүздөгөн студентти барымтада кармап турганын айтты.

«Фейктер тууралуу» мыйзам кабыл алынгандан кийин чет өлкөлүк ЖМКлар өлкөдөгү кабарчыларын чакыртып алууну чечкен, ал эми орусиялык редакцияларда эки гана жол калды — басылмасы таптакыр жаап салуу, же ишин улантып, бирок Украинадагы согушту чагылдыруудан баш тартуу.