«Андан көрө мени камагыла». Равшан Жээнбеков Next TV’га карата басым тууралуу

Саясатчы жана Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиевди коргоп, билдирүү жасады. Саясатчы билдирүүсүн Фейсбук барагына жазды.

Жээнбеков УКМК телеканалды жабуу үчүн ага бир нече ай бою басым кылганын айтып берди.

«Акыры себеп табышты. Эфирди өчүрүп, директор Таалай Дүйшөнбиевди кармашты. Камчы [Ташиев], бул жерде Next TV’нын директорунун эмне тиешеси бар? Ээси менмин да, мени кармагыла», — деп жазды саясатчы.

Равшан Жээнбековдун барагынан скриншот

Дүйшөнбиевди кармоо

Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-март күнү кечинде кармалганы белгилүү болгон. Бул тууралуу журналисттер билдирип, маалыматты УКМК тастыктаган.

Атайын кызматтын версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан». Бирок журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан. Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлиги төгүндөп, ал жактан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта Кыргызстан орус армиясына аскердик колдоо көрсөткөн жок деп билдиришкен.

Жактоочу Акмат Алагушев телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кармалганын маалымдаган.

«Эфирдин токтотулганын туура эмес деп эсептейм. Маалымат телеканалга таптакыр тиешеси жок башка булактан чыккан. [Офисти] мөөрлөп, эфирди токтотууга эч кандай зарылчылык жок эле», — деп эсептейт Алагушев.