«Көпчүлүгүндө ККМ жок экен». Арзыбек Кожошев соода борборлорунда рейд өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 9-мартта «Айчүрөк» жана «Чынар» соода борборлорунда рейд өткөрдү. Ал соодагерлерде көзөмөл-кассалык машина бар-жогун текшерди.

«Бүгүн биз алдын ала эскертилбеген рейд жүргүздүк. Борбордун чок ортосундагы ЦУМ соода борборундагы көпчүлүк соодагерлерде ККМ жок экен. Айрыкча жертөлөдөгү соода түйүндөрүндө дээрлик жокко эсе», — деди ал.

Арзыбек Кожошев «Айчүрөк» соода борборунда. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Кожошев ишкерлердин ККМ орнотпой жатканына «биринчи кезекте салык кызматкерлери күнөөлүү» экенин айтты. Ал салыкчылар «түшүндүрүү иштерин жетиштүү жүргүзбөй жатат» деп эсептейт.

Буга чейин, февраль айынын башында Президент Садыр Жапаров «Ош» жана «Дордой» базарын кыдырып, өкмөт көзөмөл-кассалык машина тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай, иш токтоп турганын айткан.

Жаңы салык кодекси жана көзөмөл-кассалык машина

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМ колдонууга милдетүү.

Көзөмөл-кассалык машина (ККМ) — бул маалыматты салык кызматынын бирдиктүү маалыматтык тутумуна онлайн режиминде жөнөтүп турган аппарат. Аны товар сатууда же кызмат көрсөткөн учурда колдонуу керек.

Салык кызматынын видеосунун скришоту.

Ведомстводон учурда ККМдин эки — аппараттык жана программалык түрлөрү колдондонулуп жатканын эске салышты. ККМди жүктөп алуу акысыз — система смартфонго, планшетке жана компьютерге орнотулат. Ал эми сатуучуга дүмүрчөк берүү үчүн дүмүрчөк чыгарган принтерди сатып алганы гана жетиштүү.

Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Бирок бул демилгеге ишкерлердин баары эле кубанып кеткен жок — айрым соодагерлер азыркыга чейин нааразычылык акцияларына чыгып, милдеттүү түрдө көзөмөл-кассалык машина (ККМ) орнотууга каршы чыгышууда.

Тема боюнча:

Кыргыз ишкерлери ККМ тууралуу эмнени билүүгө тийиш?

Көзөмөл-кассалык машина орнотуу. Президент «Ош» жана «Дордой» базарын кыдырды