Нефтетрейдерлер ассоциациясы мунайдын баасы кымбатташы мүмкүндүгүн айтты

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлар кайрадан кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал 9-мартта «Биринчи радионун» эфиринде айтты.

Эшатовдун айтымында, күйүүчү майдын баасынын кымбатташы доллардын куну өскөнү менен байланыштуу.

«Мисалы, эгер доллар 1 сомго өссө, күйүүчү майдын 1 литри 60 тыйынга кымбаттайт. Азыр болсо доллар дээрлик 14 сомго өстү, бул бензиндин да сезилээрлик кымбатташына алып келиши мүмкүн», — деди нефтетрейдерлердин башчысы.

Эшатов баанын көтөрүлүшү Кыргызстанга алынып келинген бардык импорттук товарларга таасирин тийгизет деп эсептейт. Ал күйүүчү май 2020-жылдын октябрынан бери кымбаттап жатканын кошумчалады.

Доллардын курсу 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин кескин өстү. Кол салуудан бир нече саат өткөндөн кийин рублдун куну кескин түшүп, тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчүн бир нече жолу жаңылады. Рублдун артынан эле Кыргызстандын улуттук валютасынын да куну түшө баштаган.

Дагы окуңуз: Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз