БУУ: Украинадан 1,5 миллиондон ашуун адам качып чыкты

Украинадагы согуш жүрүп жаткан 10 күн аралыгында өлкөдөн 1,5 миллиондон ашык киши качып чыкты. Мындай маалыматты 5-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги жарыялады.

«Бул качкындар жаатындагы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң тез өсүп жаткан кризис. Эгер бул маанисиз жаңжал тез арада токтобосо, жакынкы күндөрү дагы миллиондогон өмүрлөрдү башаламан кылат», — деп белгилешти уюмдан.

Украиналык качкындар Польша чек арасында. Сүрөт: БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгы.

Алардын маалыматына ылайык, качкындардын жарымынан көбү Польшага жетишкен. Ошондой эле, украиналык качкындарды Венгрия, Молдова, Румыния жана башка Европа өлкөлөрү кабыл алып жатат.

Украинадагы согуш жана анда кыйылган өмүрлөр

24-февралдын таңында Орусия Украинага бастырып кирип, ошондон бери өлкөнүн бардык аймактарына абадан ракеталык жана артиллериялык сокку урууда.

Аскерий агрессиянын башталышында Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасына гана сокку урарын айткан. Бирок, марттын биринчи күндөрүнөн тартып эле артиллериялык жана авиациялык соккулардан Украинанын ар кайсы шаарларында көптөгөн турак үйлөр талкаланды.

БУУ 24-февралдан 5-мартка чейинки аралыкта Украинада 364 жай тургун каза болгонун, дагы 759 киши жарадар болгонун кабарлады. Каза болгондордун 25и жаш балдар.

Уюмдун маалыматына караганда, адамдардын көпчүгү кеңири радиуска тараган жардыруучу артиллериялык жана ракеталык снаряддын огунан, ошондой эле абадан жааган октон көз жумуп, жарадар болгон.

Бирок БУУ курман болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

Уюмдан мурда согуштук аракеттер жүрүп жаткан украин шаарларында гуманитардык кыйроолор болушу мүмкүн деп эскертишкен. БУУ тараптарды ок атууну токтотуп, тургундар согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардан коопсуз жайга чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридорлорду ачууга чакырган. Коридорлор согуш жүргөн аймакка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн дагы керек.

Гуманитардык коридор ачылганы тууралуу эки жолу жарыяланган — 5,6-мартта — бирок эки жолу тең ишке ашкан эмес. Буга эки тарап тоскоол кылды деп бири-бирин айыптаган.

7-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги «тынчтык режимин» жарыялап, Киев, Харьков, Сумы жана Мариуполь шаарларында гуманитардык коридорлор ачылганын билдирген. Бирок Орусия бул коридорлор аркылуу качкындарды өзүнүн аймагына, ошондой эле Орусиянын Украинага кол салышын кубаттаган Белорус өлкөсунө өткөрүүнү пландап жатат.

Бул Украин бийлигин канааттандырган жок.

«Биздин жарандар кийин Орусиянын аймагына учактар менен кетүү үчүн Белоруска барбайт», — деген вице-премьер министр Ирина Верещук.

Тема боюнча окуңуз:

Украинадагы согуш: НАТО өлкөнүн аба мейкиндигин жаппайт, Винница аэропорту кыйроого учурады