ТИМ: Украинадан акыркы үч күн ичинде 105 кыргызстандык чыгып кетти

Украинадагы согуштан улам 5-6-7-март күндөрү 105 кыргыз жараны үчүнчү мамлекеттер аркылуу өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-мартта Кыргызстандын 35 жараны — алардын 13ү жаш балдар — элчилик уюштурган автобустар менен Львов шаарынан Польшага эвакуацияланды.

6-мартта 45 жаран Молдова — Румыния — Болгария багыты менен келип, Түркиянын чек арасынан өттү. 5-мартта ТИМ Болгариянын бийлиги менен сүйлөшүп, кыргызстандыктар үчүн жашыл коридор ачылган.

Ал эми 7-мартта 25 кыргыз жараны Молдова аркылуу Түркияга автобус менен жеткирилгени кабарланды. Министрлик Түркияга барган жарандар Кыргызстанга кетүү үчүн керек болгон бардык документтерди ала алышарын белгиледи.

ТИМдин алдын ала маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын айрым жарандары дагы эле Украинанын шаарларында болуп жатышат. Алар менен элчилик тыгыз кызматташып жатканы белгиленди.

Аны менен катар министрлик согуш жүрүп жаткан шаарлардагы кыргызстандыктарга атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштады.

Согуштук кырдаал башталганда Украинада Кыргызстандын 1 357 жараны бар экени белгилүү болгон. Дипломатиялык өкүлчүлүк 300 адам менен такай байланышып жатканын, 680 адам консулдук каттоодо экенин белгилеген.

Буга чейин, элчилик 30га чукул кыргызстандык өлкөдөн өз алдынча чыгып кеткенин билдирген. Ал эми 1-мартта Украинадан Кыргызстандын 112 жараны, анын ичинде элчиликтин эки кызматкери эвакуацияланган. 2-мартта элчилик Украинадан чыккан 25ке чукул жаранды коштоп Львов шаарына жеткиришкен.

БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги Украинадагы согуш жүрүп жаткан 10 күн аралыгында өлкөдөн 1,5 миллиондон ашык киши качып чыкканын билдирген.

Украинадагы согуш

24-февралдын таңында Орусия Украинага бастырып кирип, ошондон бери өлкөнүн бардык аймактарына абадан ракеталык жана артиллериялык сокку урууда.

Аскерий агрессиянын башталышында Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасына гана сокку урарын айткан. Бирок, марттын биринчи күндөрүнөн тартып эле артиллериялык жана авиациялык соккулардан Украинанын ар кайсы шаарларында көптөгөн турак үйлөр талкаланды.

БУУ 24-февралдан 5-мартка чейин раинада 364 жай тургун каза болгонун, дагы 759 киши жарадар болгонун кабарлады. Каза болгондордун арасына 25 жаш бала бар.

Уюмдун маалыматына караганда, адамдардын көпчүгү кеңири радиуска тараган жардыруучу артиллериялык жана ракеталык снаряддын огунан, ошондой эле абадан жааган октон көз жумуп, жарадар болгон. Бирок БУУ курман болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

Уюмдан мурда согуштук аракеттер жүрүп жаткан украин шаарларында гуманитардык кыйроолор болушу мүмкүн деп эскертишкен. БУУ тараптарды ок атууну токтотуп, тургундар согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардан коопсуз жайга чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридорлорду ачууга чакырган. Коридорлор согуш жүргөн аймакка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн дагы керек.

Гуманитардык коридор ачылганы тууралуу эки жолу жарыяланган — 5,6-мартта — бирок эки жолу тең ишке ашкан эмес. Буга эки тарап тоскоол кылды деп бири-бирин айыптаган.

7-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги «тынчтык режимин» жарыялап, Киев, Харьков, Сумы жана Мариуполь шаарларында гуманитардык коридорлор ачылганын билдирген. Бирок Орусия бул коридорлор аркылуу качкындарды өзүнүн аймагына, ошондой эле Орусиянын Украинага кол салышын кубаттаган Белорустун аймагына өткөрүүнү пландап жатат. Бул Украин бийлигин канааттандырган жок.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Украинадан эвакуацияланган жүздөн ашык кыргызстандык Венгрияга жетти

БУУ: Украинадан 1,5 миллиондон ашуун адам качып чыкты