Казакстан: Air Astana Орусияга учууларын убактылуу токтотту

Казакстандын Air Astana авиакомпаниясы Орусияга учуучу бардык рейстерин токтотту. Бул тууралуу компаниянын өкүлдөрү Фейсбук барагында билдиришти.

Авиакомпаниядан Орусияга учкан, өлкөдөн учуп чыккан жана анын аймагы аркылуу учуп өткөн коммерциялык рейстерди камсыздандыруу токтотулгандыктан каттамдар убактылуу токтотулду деп түшүндүрүштү.

Компаниядан маселени Казакстандын өкмөтү менен чечип жатышканын билдирип, жүргүнчүлөргө билеттин акчаларын толук көлөмдө кайтарып берүүнү убада кылышты.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы рейстер

Орусиянын авиакомпаниялары өздөрүнө каршы киргизилген санкциялардын шартында эл аралык, анын ичинде Кыргызстан багыты боюнча авиакаттамдарын убактылуу токтотушкан.

Буга чейин S7 Airlines, «Аэрофлот» жана «Азур эйр» авиакомпаниялары да учууларын токтотуу чечимин кабыл алышкан.

Учурда Кыргызстанга Орусиянын бир эле авикомпаниясы учуп жатат — «Уральские авиалинии».

Ал эми кыргыз авикомпаниялары — «Авиатрафик» жана «Эйр Манас» — орусиялык багыттарга Бишкек жана Оштон учууну улантып жатышат. Авиакаттамдардын учурда актуалдуу учуу тартиптер менен «Манас» аэропортунун сайтынан таанышса болот.

Украинага кол салуудан кийин Орусиянын авиакомпаниялары дагы бүткүл өлкө сыяктуу эле эл аралык санкцияларга туш болду. Орусиялык жарандык учактардын дээрлик жарымы лизинге (батыш компанияларынан ижарага алынган) алынган.

Санкциялардан улам ижарага берүүчүлөр учактарын Орусиядан чакыртып алууга милдеттендирилди. Эми орусиялык авиакомпаниялар ижарага алган учактар чет өлкөгө учса ошол жерде камакка алынышы ыктымал.