Айыл чарба министри: Азык-түлүк коопсуздугу боюнча тынчсызданууга негиз жок

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудай жана кумшекер экспортоого тыюу салганы Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпасын билдирди. Бул тууралуу министр 12-марттагы маалымат жыйынында кабарлады.

«Кыргызстанда тамак-аштын физикалык жеткиликтүүлүгү тууралуу тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Биз өзүбүздү кум шекер менен камсыздай алабыз, “КайыңдыКант” кампасында 11,5 тонна бар. Ошондой эле материалдык резервдер кампаларында дагы жетиштүү көлөмдө сакталуу», — деди Жаныбеков.

Министр өсүмдүк май боюнча дагы абал ушундай экенин кошумчалады — майдын көлөмү жетиштүү, андан тышкары кампаларда дагы бар.

«Тегирменден өткөрүлүп, даярдалган ундан сырткары кампаларда 60 миң тоннадан ашык буудай бар. Буудай импортоодогу салыктын ченин нөлгө түшүргөндүктөн, ушундай кылууга мүмкүн болду», — деди ал.

Андан тышкары, Жаныбеков 11-мартта Министрлер кабинети кумшекер, өсүмдүк майы, Кыргызстанга импорттолгон азык-түлүктөрдүн тизмесине кошумча нарк салыгын алып салуу тууларуу бир катар токтомдорду кабыл алганын айтты.

«Биз өзүбүздү сүт азыктары, жер-жемиш жана картошка менен да камсыздай алабыз, ошондой эле эт азыктарына дагы таңкыстык жаралбайт», — деп билдирди минист.

Ошондой эле Орусия экспортко тыюу салганына карабай, Кыргызстан ал өлкөдөн буудай импорттогонду улантаарын кошумчалады.

«Орусиядагы кабыл алынган [буудай экспорттоого тыюу салуу жөнүндөгү] токтом чек араны биротоло жаппайт. Буга чейин биз, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер түзгөн келишимге ылайык, жеңилдиктер жана преференциялар бар. Тыюу салуу күчүнө кирген, бирок буудай импорттоло берет», — деди Жаныбеков.