Антикризистик комитетти Акылбек Жапаров жетектей турган болду

Акылбек Жапаров

Министрлер кабинети Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түздү. Аны минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жетектей турган болду.

Минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев комитет башчынын орун басары болуп дайындалды.

Антикризистик комитеттин негизги милдети — дүйнөдө болуп жаткан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

Буга чейин экономика министри Данияр Амангелдиев ишкерлерге Кыргызстан «кризиске каршы чараларды» кабыл аларын билдирген.

«Украинадагы кырдаалга байланыштуу кесепеттерди эске алып, негативдүү натыйжалардын алдын алуу максатында минкабда антикризистик план иштелип жатат», — деген ал.

Украинадагы согуш тууралуу айтып жатып, Амангелдиев «бул абалда мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да тобокелдиктер бар» деп белгилеген.