Qazaq Air авиакомпаниясы Орусияга каттамдарын кайра жандантты

Сүрөт: Qazaq Air авиакомпаниясы

Кече күнү Казакстандын Qazaq Air авиакомпаниясы камсыздандыруунун жоктугунан Орусияга каттамдарын убактылуу токтоткон эле. Бирок бүгүн компания рейстер 13-марттан тарта кайра жандана турганын кабарлады.

Буга чейин Орусияда рейстерди камсыздандыруу токтотулгандыктан казакстандык ири авиакомпания — Air Astana да каттамдар убактылуу токтотулганын кабарлаган. Ал арада казакстандык SCAT Airlines авиакомпания Орусияга каттамдарды көбөйткөн.

Кыргызстан — Орусия авиакаттамдары

Орусиянын авиакомпаниялары өздөрүнө каршы киргизилген санкциялардын шартында эл аралык, анын ичинде Кыргызстан багыты боюнча авиакаттамдарын убактылуу токтотушкан.

Буга чейин S7 Airlines, «Аэрофлот» жана «Азур эйр» авиакомпаниялары да учууларын токтотуу чечимин кабыл алышкан.

Учурда Кыргызстанга Орусиянын бир эле авикомпаниясы учуп жатат — «Уральские авиалинии».

Ал эми кыргыз авикомпаниялары — «Авиатрафик» жана «Эйр Манас» — орусиялык багыттарга Бишкек жана Оштон учууну улантып жатышат. Авиакаттамдардын учурда актуалдуу учуу тартиптер менен «Манас» аэропортунун сайтынан таанышса болот.

Украинага кол салуудан кийин Орусиянын авиакомпаниялары дагы эл аралык санкцияларга туш болду. Жарандык учактардын дээрлик жарымы лизинге (батыш компанияларынан ижарага) алынган.

Санкциялардан улам ижарага берүүчүлөр учактарын Орусиядан чакыртып алууга милдеттендирилди. Эми орусиялык авиакомпаниялар ижарага алган учактар чет өлкөгө учса ошол жерде камакка алынышы ыктымал.