«Клиникаңды талкалап кетем». Министр Бейшеналиев Исманкуловду коркутту

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-мартта Бишкектеги №2 көп тармактуу ооруканага барды. Ал «Исманкуловдун көз микрохирургиясы» клиникасы оорукананын ижарага алган корпусун бошоттубу же жокпу текшергиси келген.

Фойеден министрди клиниканын өкүлү тосуп алды. Өкүл «азырынча имаратты бошотуу тууралуу Бишкек мэриясынан токтом чыга электигин айтып, Кыргызстан укуктук мамлекет экенин» эскертти. Буга министр: «Эй, бар жоголчу сен, укугуң менен!» деп жооп берди. Бейшеналиев эгерде бүгүн имаратты бошотпосоңор, клиникага жигиттер менен келип, баарын талкалап кетерин айтып коркутту.

Кийин Бейшеналиевди Исманкулов менен телефон аркылуу байланыштырышты.

«Ай далдыр, мен сени канча күндөн бери издеп жатам? Эгер үч саат ичинде бошотуп койбосоң, өзүңөн көр. Түшүндүңбү? 24 жылдан бери Кыргызстанды алдап келатасың. Мен бул жерге күзөтчүлөрүмдү коём, эч ким кире албайт. Мен сага эркертпедим беле, а сен 10 күн сурагансың, бирок дагы алдагың келип жатабы? Жоголуп кетчи. Сенин барчу жериңди айтат элем, бул жакта кыздар турушат. Эгер үч сааттан кийин, мен келгенде кызматкерлериң дагы деле ушул жерде болсо, мага таарынба!» — деп коркутту министр Исманкуловду.

Видео: Кактус Медиа

Келишимди бузуу

2022-жылы 17-февралда саламаттык сактоо министрлиги Алмазбек Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» менчик клиникасы жайгашкан имаратты өзүнө кайтарып алган.

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу оорукананын имараты коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн даярдала баштаган. Имаратка «кызыл зонанын» керебеттери көчүрүлмөк болгон. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасынын аппараттары имараттан чыгарыла баштаганын билдирген.

Мекемеден Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин калаа мэриясы бузганын кошумчалашкан. Мындан тышкары, мэрия Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан көп тармактуу «КАМЭК» клиникасы менен да келишимди бузган.

Мурдараак, 2021-жылдын декабрында Бишкек шаардык кеңешинде Исманкуловдун клиникасы «ижара акысына арзыбаган акча» төлөп жатканы айтылган. Депутат Мийзамидин Калыков ижара акысы бир чарчы метрине болгону 150 сом экенин билдирген. Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузуу маселеси мурда да көтөрүлгөн болчу.