Ошто облустук наркология жана психиатрия борборлору бириктирилди

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев 27-декабрда Ош облустар аралык наркология жана Ош облустук психикалык ден соолук борборунун эмгек жамааты менен жолугушканын билдирди.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Жолугушууда Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигинин буйругун окуду, ага ылайык, бул эки мекеме Ош облустук психиатрия жана наркология борборуна бириктирилет.

«Бириктирүү жумушчуларга терс таасир тийгизбейт. Бардык дарыгерлер, медайымдар жана санитарлар ишин улантат. Албетте, административдик-башкаруу кызмакерлерин бир аз кыскартуу болот, бирок аларга кенемте төлөнүп берилет», — деди Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, бул жайлардагы керебеттердин саны кыскартылбайт — психиатриялык ооруканада 170 орун, ал эми наркологиялык ооруканада 50 орун сакталат.

Буга чейин 14-декабрда Бейшеналиев бейтаптардын азайганына байланыштуу Республикалык психикалык саламаттык борбору менен Республикалык наркология борборун бириктирүү чечимин кабыл алган.

Анткен менен борборлорду 2020-жылы эле бириктирүү аракети болгон, бирок анда бейтаптар менен медиктер каршы чыккан эле.

Бейшеналиев бул сунушун бейтаптар азайып, имараттар бош туруп калганы менен түшүндүргөн. Ал мындай кызматтар дүйнөнүн бардык жеринде бириктирилгенин, ичимдикке берилген жана психикалык оорулуу бейтаптарды дарылаган врачтардын дагы адистиги окшош экенин айткан.

Тема боюнча: Министр Бейшеналиев: Кургак учук ооруканасынын ордуна бала бакча ачылат