Министр Бейшеналиев: Кургак учук ооруканасынын ордуна бала бакча ачылат

Бишкектеги кургак учукка каршы балдардын ооруканасынын ордуна бала бакча ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, «ал жакка эки жылдан бери кургак учук менен ооругандар келген эмес». Бала бакча 250 балага ылайыкташтырылган. Ачылышы 15-декабрга пландалган.

«Биринчиден, кургак учук таякчалары эч качан дубалдарда, полдо жана башка жакта жашабайт. Экинчиден, бул жерде эки жылдан бери кургак учук менен ооругандар жок. Үчүнчүдөн, санэпидкөзөмөл жана мэрия уруксат берди», — деп айтты ал 24.kg маалымат агенттигинин журналисттине.

Буга чейин Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагындагы реформалар тууралуу айтып, өлкөдө 43 кургак учукка каршы оорукана жана диспансерлер жабыларын айткан.

«Ал жерде 40-60 киши иштейт, ал эми дарылангандар жокко эсе. Ошондуктан жаап жатабыз, ал эми дарыгерлер жумушсуз калбайт», — деди ал.

Дал ушул себептен Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык психикалык ден соолук борбору менен Республикалык наркология борборун да бириктиргени жатат. Бейшеналиев алкоголдук ичимдикке берилип, психикалык жаткан жабыркаган адамдар азайганын билдирди. Анын айтымында, имарат бош калып жатат жана саны көп медкызматкерлерге айлык төлөө пайдасыз.

Былтыр ушундай идеянын айынан медкызматкерлер митингке чыккан эле. Анда аларды Саламаттык сактоо министрлигинин эки борборду бириктирүү планы нааразы кылган. Медиктер бириктирүү терс таасирин тийгизет деп айтышкан.

Буга чейин Бишкек шаардык республикалык диагностикалык борборунун иш багыты балдар ооруканасына өзгөртүлгөн.