Кайгуул милициясы маршрутканын айдоочусу сабалганын четке какты

Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы Кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору маршруттук таксинин айдоочусу Улукбек Жороевди «сабаган эмес» деп билдиришти.

Маалыматка караганда, кайгуул кызматкерлери айдоочуну документтерин текшерүү үчүн токтоткон, бирок ал талапка баш ийген эмес. Мындан улам ал кармалган.

Мекемеден ушул тапта кызматтык териштирүү жүрүп жатканын белгилешти.

Айдоочу эмне дейт?

Айдоочу Улукбек Жороев 11-март күнү саат 18:30 чамасында «Ак-Босого» жаңы конушунан каттамга чыккан. Анын айтымында, инспекторлор анын артынан кууп келип токтотушкан.

«Милиция артымдан айдап келип тосту. Мен видеокамераны иштетип, токтотконунун себебин сурасам, мени чапанымдан тартып эле түшүрүштү, мен ары түрттүм [...]», — деген Жороев.

Жороев аны кайгуул кызматкерлери Бишкектин Свердлов районунун №7 милиция бөлүмүнө чакырып, ошол жердеги короодо ур-токмокко алышканын айткан.

«Колумду кайрып, кишен салып, Свердлов РИИБне алып барып сабашты, мен өлөрчө кустум», — деген Жороев.

Айдоочу үйүнө кайтып келгенден кийин өзүн жаман сезип, жубайы тез жардам чакырган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жороев ооруканага кайрылганын тастыктады.

«Улукбек Жороев шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына (4-шаардык ооруканага) кайрылган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Рентген оң колунун сөөгү сынган эмес, жаракат жок деп жыйынтык чыгарган», — деп жазган акыйкатчы айдоочу сабалганы тууралуу видеонун алдына.

Абдрахматова айдоочунун сабалышы боюнча иш акыйкатчынын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди. Акыйкатчы институту жабырлануучу менен байланышты — Жороев учурда травматология бөлүмүндө жатат.