«Ачык айтам» — Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы кампания башталды

Сүрөтчү Татьяна Зеленская тарткан иллюстрация.

Европа биримдиги менен Бириккен улуттар уюмунун «Теңдик нуру» биргелешкен демилгесинин колдоосу менен социалдык тармактарда ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык кампания башталды.

Кампаниянын негизги максаты — ыдык көрсөтүү деген эмне экенин түшүндүрүү, ага кабылган учурларды коомчулукка жеткирүү, ыдыктан коргоонуу тууралуу түшүнүк берүү болуп саналат.

Кампаниянын алкагында ыдык көрсөтүү жана анын кесепеттерин түшүндүрүү үчүн кыргыз жана орус тилдеринде видеороликтер тартыла турганын айтылды. Ошондой эле кампанияны белгилүү ырчылар, шоу-бизнес өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер колдоого алганы да кабарланды.

Адамды кемсинткен, анын жеке чектерин бузган, ага зыян келтирген ар кандай кабыл алынгыс аракеттер же коркутуулар ыдык көрсөтүү болуп эсептелет. Ыдык көрсөтүү дээрлик бардык жерде: жумушта, көчөдө, же социалдык тармактарда болушу мүмкүн.

Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясынын маалыматына ылайык, өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот.

Статистикага ылайык Кыргызстандагы аялдардын 83%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Алардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

Кыргызстандын мыйзамдарында «ыдык көрсөтүү» тууралуу айтылган эмес. 2021-жылдын май айында алтынчы чакырылыштагы айрым депутат айымдар Эмгек кодексине бир нече өзгөртүү киргизүү, анын ичинде «Сексуалдык асылууга тыюу салуу» беренеси менен толуктоо сунуштаган.

Тема боюнча:

Секс талкуу: Харассмент, сексуалдык ыдык — мындайга кабылбаш үчүн эмне кылыш керек?

«Жакындарымды кыйнадым». Абьюз деген эмне жана андан арылууга болобу?