Бишкекте «Ак-Үй КейДжи» кооперативинин башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды

16-мартта «Ак-Үй КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү «алдамчылыкка» шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну «Ак-Үй КейДжи» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири алдап кеткенин айтып райондук милицияга кайрылган. Ал шектүү өткөн жылдын 18-ноябрында наркы 679 600 сомго унаа алып берем деп 369 600 сом алып, жок болуп кеткенин билдирген.

Бул факты 10-мартта «Алдамчылык» беренеси менен катталып, 34 жаштагы А.Т аттуу жаран кармалды. Шектүү Биринчи май РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Ак-Үй КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү жана жетекчиси катары Талант Айтбаев көрсөтүлгөн. Кармалган жарандын инициалдары анын аты-жөнүнө туура келет.

Кармалган шектүү. Сүрөт: Биринчи май РИИБи.

Жабырлануучулардын бири Дарико Усубакунова «Клоопко» «Ак-Үй КейДжи» компаниясына кредит алып, компанияга 306 миң сом төгүп, ала албай жүргөнүн айтат.

«Үйгө зар болгон үчүн ушул кооперативдин пайызы аз деп угуп кайрылгам. [...] Эртерээк үй алып калайын деп кредит алып жалпы 306 миң сом төлөдүм. Үйдү мартта алмакмын. Көрсө мен өткөн жылдын октябрь айында акча төккөндө эле башкаларга үй алып бербей жүрүшүптүр. Тизме түзсөк баш аягы Бишкектен 106 адам бар экен, Оштон 18 адам акча төгүптүр», — деп түшүндүрдү ал.

Жабырлануучу турак жай жана унаа алуу үчүн акча төгүп ала албай жүргөн жүздөн ашык адам бар экенин белгиледи.

«Ак-Үй КейДжи» компаниясынын Инстаграмдагы барагында алар турак жай, батир, жер тилкесин жана кыймылсыз мүлккө тиешелүү бардык нерсени пайызсыз түрдө бөлүп төлөө жолу менен алып берери айтылган. Ал эми компанияны жарнамалаган роликтерден актриса Гүлжайна Атаканова жана төкмө акын Максат Кулуевди көрүүгө болот.

Ушул эле күнү Ош шаарында S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Алиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ош ШИИБдин маалыматы боюнча Алиев адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, акча алып, бирок аткарбай жүргөн.

S-LINE кооперативине каршы 24 киши арыз жазган. Алар кооперативге кирүү үчүн биринчи 218 миң сом төлөп, кийин ай сайын белгилеген сумманы төгүп турушканын айтышкан. Кооперативдин ишинен акча салгандар 40 миллион сом зыян тартышкан деп эсептелди.